Туризм академиясы – 1997-жылы Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнүн Өкмөттүк приоритеттүү программасынын чегинде түзүлгөн. Академиянын уюштуруучулары – Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм, Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети.

Академиянын максаты – туризм жана сервис чөйрөсүн башкарууга жана өз мекемесин уюштурууга жөндөмдүү адистерди даярдоошондой «Конок күтүү менежменти» жана «Туризм менежменти» бөлүмдөрүндө туристтик саякат, чет өлкөгө баруу жана чет өлкөлүк туристтерди күтүү, сервистик тейлөө иштерин уюштуруучу адистерди даярдайт.

Академиянын программасында окуу процесси менен бирге республикадагы жана чет өлкөлөрдөгү мыкты делген туристтик сервис мекемелеринде прак-тикадан өткөрүлөт. Академиянын уюштуруучусу жана ректору физика-математика илимдеринин доктору, профессор М.Б.Чормонов.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү