ТУРКА́НА (өз аты – ньи­тур­ка­на, ngiturkan) – нилот эли. Кениянын түндүк-батышында (Тур­ка­на округу) жашайт. Этнографиялык топторго (нгимония жана нгичоро) жана подгруппаларга (экитела) бөлүнөт.
Жалпы саны 1030 миң адам (2009).


Туркана аялы
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 1030 миң (2009)
 Кения – 988,6 миң
 Эфиопия 40 миң

Тили

туркана

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Кирет

нилоттор

Тууган элдер

карамоджонг, тесо

Тил

Туркана тили (доньиро, буми) Нил-сахара макробүлөнүн нилот тобуна кирет. Жазуусу латын алфавиттин негизинде. Тесо тилине жакын.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат. Ата-бабалар культу (нги­пе­ан, нги­ка­рам), эң жогорку кудайга – жаратуучу Акуджага, төмөнкү дүйнөнүн мырзасы Экипеге ишенүү сакталган.

Христиандар (баптистер) 10% түзөт.

Чарбалык иштер

Негизги кесиби – көчмөн мал чарбачылыгы (зебу, эчки, эшек, сомалиликтерден төө багууну үйрөнүшкөн).
Балык уулоо Туркана көлүндө.

Турак жай

Тери менен капталган бутактардан жасалган купол түрүндөгү турак жай (акай, аки, экол) чыгыш тарапка кире бериш тарапты караган.

Тамак-аш

Сүт азыктары, жашылча, балык, кээде эт. Жаныбардын жаңы канын ичүү.

Кийим

Кийим-кече – булгаарыдан жасалган чепкен жана белдемчи.
Аялдар баштын бир бөлүгүн кырып, таажыга кичинекей өрүлгөн өрүмдөрдү өрүшөт, мончоктордон жана каури кабыгынан жасалган көп сандагы жасалгаларды тагышат.
Эркектердин жыгач отургучтары (экичолонг) мүнөздүү.

Коом

Салттуу коомдук уюмдун негизин көчмөн жамааттары жана курак институттары түзөт. Линейлик тибиндеги курак класс системасы аскердик уюмдун негизинде жатат. Жетекчилер институту жок болчу. Ар бир эркек муун өз кезегинде туугандык мамилелер системасынын альтернативалык (алмашып туруучу) муундарын билдирген жарымдардын бирине – Нимур («Тоолор») жана Нерисай («Кабыландар») кирет. Туугандык эсеп аталык. Эркектердин өздөрүнүн жаш курагына кириши инициация (атапан) менен коштолот. Көп аялдуулук практикаланат. Үй-бүлөлөр (ави) мал багуу үчүн топторго биригишет (адакар).

Маданият

Дарыгерлер менен көзү ачыктар (нгимурок), бакшылар (нгикапилак) бар.
Бий жана ыр фольклору өнүккөн.

Тарых

Илгери алар согушчан болуп, Туркана көлүнүн аймагында үстөмдүк кылышкан. Курал найза, болот диск түрүндөгү билерик болгон. Жаш эркек жоокерлердин (морандар) топтору мал кармоо үчүн жортуулга чыгышкан. Мал аял үчүн кун катары берилчи.

Белгилүү инсандар

  • Пол Эренг — 800 метр аралыкка 1988-жылы олимпиадалык чемпиону.
  • Джозеф Эбуа — кросс боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону.
  • Джон Келай — белгилүү марафончу.

Булактар түзөтүү