Турсунали Рустамов

Кыргызстандык футболчу

Турсунали Рустамов (31-январь, 1990) — Кыргызстандык футболчу, " Дордой" клубунун жана Кыргызстан улуттук курамасынын жарым коргоочусу .

Портал:Футбол
Портал:Футбол
Турсунали Рустамов
Жалпы маалымат
Толук аты-жөнү Турсунали Хаитмахаматович Рустамов
Төрөлгөн датасы 31 -январь 1990(1990-01-31) (34 жаш)
Тажикстан
Жарандыгы  Кыргызстан
Бою 184 см
Салмагы 76 кг
Позициясы Жарым коргоочу
Клуб тууралуу маалымат
Клубу Дордой
Номуру 10[1]
Карьерасы
Клубдук карьерасы*
? Кыргызстан Кара-Балта 0 (0)
2009—2010 Кыргызстан Шер ? (6)
2011—2012 Кыргызстан Алга ? (13)
2013 Кыргызстан Дордой ? (6)
2014 Тажикстан Хужанд
2014—2016 Кыргызстан Алга ? (2)
2017—2018 Кыргызстан Алай ? (2)
2018 Кыргызстан Алга ? (11)
2019 Тажикстан Хужанд 20 (8)
2020—2021 Кыргызстан Дордой 30 (9)
2021 Кыргызстан Нефтичи
2022 Кыргызстан Дордой
Улуттук курамасы**
Кыргызстан Кыргызстан (u 21)
2010 Кыргызстан Кыргызстан (u 23) 2 (0)
2012— а.у Кыргызстан Кыргызстан 25 (6)

* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 16.07.2022-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон.

** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 28.04.2022-жылдагы
маалымат боюнча оңдолгон.

Клубдук карьерасы түзөтүү

Турсунали Рустамов Ж. Расулов районудагы мектептин жана тажик футболунун тарбиялануучусу, машыктыруучу - Достон Мамиров. Аны Кыргызстанга машыктыруучу Александр Сергеевич Резин чакырган. Алгач биринчи лигадагы " Кара-Балта " командасында ойногон. Бир жыл ойногондон кийин ал бир катар жогорку лига командаларынын көңүлүн бурган.

2009-жылы борбордогу « Шер-Ак-Дан » командасы менен келишим түзүп, анын курамында эки сезон ойногон. Андан кийин башка борбор калаадагы « Алга » жана « Дордой » командаларында ойногон. 2014-жылы Тажикстандын « Худжанд » клубунда 1 сезон ойноп, «Алгага» кайтып келген.

2016-жылы Рустамов Кыргызстандын эки жолку чемпиону " Алай " клубу менен келишим түзгөн.

Улуттук курамадагы карьерасы түзөтүү

Кыргызстанга көчүп келгенден кийин Кыргызстандын жаштар курамасынын машыктыруучуларынан сунуш түшкөн. Рустамов Тажикстандын курама командасынын чакыруусун көптөн бери күтүп жүргөн, бирок келген эмес. 

Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын курамында 2010-жылы Азия оюндарына катышып, 2 беттеш өткөргөн. Ал 2012-жылы Шериктештик кубогунда Кыргызстандын жаштар курамасында ойноп, 5 гол киргизип, өз командасынын бомбардири болуп, турнирдин бомбардирлеринин арасында үчүнчү орунду ээлеген.

Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу катары 2012-жылы 1-июнда Казакстан менен болгон беттеште дебют жасаган [2] . 2013-жылдын 6-сентябрында Белоруссия курама командасы менен болгон жолдоштук беттеште (1:3) биринчи голун киргизген [3] .

Азия Кубогунун 2019 катышуучусу. Ал 3 беттеш өткөрүп, анын баарында экинчи таймда алмаштыруу менен чыгып, 1/8 финалда БАЭ курамасына каршы оюнда гол киргизген (2:3) [4] .

Эскертмелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү