Чыныбай Турсунбеков

Жогорку Кеңештин төрагасы (2016 — 2017)
Турсунбеков Чыныбай Акунович‎»‎ барагынан багытталды)

Чыныбай Акунович Турсунбеков - (15-октябрь 1960, (Нарын облусу, Кыргыз ССР) — 6-июль 2020 (Бишкек, Кыргызстан[1]) акын, адабиятчы, коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин төрагасы (2016-жылдын 27-апрели - 2017-жылдын 25-октябры), депутат жана КСДПнын мурдагы фракция башчысы. Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында 1960-жылы 15-октябрда туулган. 1978-жылы орто мектепти, 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология жана журналистика факультетин, 2004-жылы Дипломатиялык академияны артыкчылык дипломдору менен аяктаган. 1983-1985-жж. «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген. 1985-1988-жж. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, 1988-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы
желек
желек
27-апрель 2016 — 25-октябрь 2017
Өкмөт башчысы: Сапар Исаков
Президент: Алмазбек Атамбаев
Андан мурунку: Асылбек Жээнбеков
Андан кийинки: Дастан Жумабеков
 
Дини: ислам
Туулган жери: Нарын облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Каза болгон жери: Бишкек, Кыргызстан
 
Сыйлыктары:

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда (тогуздун айынын 15инде) Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. "Мен көп балалуу үй-бүлөдө чоңойдум. Мен он бир тууганмын, үй-бүлөдө алтынчы баламын" - деп анын эскергени бар(жеткиликсиз шилтеме).

Ал 1978-жылы Жан-Булак айылындагы орто мектепти аяктаган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филология жана журналистика факультетин, 2002-жылы Бишкек шаарындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

1983-1985-жж. «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген.

1985-1988-жж. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, 1988-жылы филология илимдеринин кандидаттык диссертациясын жактаган.

1989-1992-жж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары болгон.

1993-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. ТИКА кызматкери, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын директору болуп иштеген.

1993-1996-жж. «Азаттык» радиосунун Түркия боюнча сырт кабарчысы да болгон.

1997-жылы Кыргызстанга кайтып келип, «Акун» фирмасын негиздеген. Ошондон баштап «Акун» фирмалар тобун жетектеп турду.

Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти, Кыргыз түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы коомдук кызматтарын да аркалады.

2020-жылдын 6-июлунан 7-июлга караган түнү Кыргызстандын Бишкек шаарындагы улуттук оорукананын жандандыруу (реанимация) бөлүмүндө эки жактуу пневмониядан улам каза болгон.

Парламенттик ишмердиги түзөтүү

Ч. Турсунбеков 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери катары бир нече жыл иш алып барды.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2016-жылдын 27-апрелинде Жогорку Кеңештеги жашыруун добуш берүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп дайындалган.

Чыгармачыл ишмердиги түзөтүү

Биринчи ыры «Таңкы шаар» деген ат менен «Кыргызстан пионери» гезитинде жарык көргөн. Алгачкы ырлар жыйнагы 1985-жылы «Жүрөктөгү жаңырык» деген ат менен басылып чыккан.

Ал 1989-жылы Пицундада өткөн жаш акындардын Бүткүл Союздук 14-фестивалынын лауреаты болуп, ошол эле жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.

«Манас» эпосу боюнча кыргыз, түрк, англис тилдеринде жарык көргөн көркөм иллюстрациялуу альбомдун түзүүчүсү жана котормочуларынын бири. «Түрк тилдеринин грамматикалык сөздүгүн» түзүү боюнча комиссиянын курамында иштеген.

Орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын, ошондой эле Түрк Тил курумунун тапшырмасы менен «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй-бүлөлүү. Жубайы - Нуржан.
Үч баласы бар.

Наамдары. Мүчөлүгү түзөтүү

Эл аралык Ч.Айтматов Академиясынын академиги.
1994-жылдан Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү.
Филология илимдеринин кандидаты.
СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

Сыйлыктары түзөтүү

• 1989-жылы - Пицундада өткөн Жаш акындардын Бүткүл Союздук XIV фестивалынын лауреаты.
• 1999-жылы - “Жылдын мыкты бизнесмени” наамы.
• 2000-жылы - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
• 2003-жылы - “Даңк” медалы (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн).

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Жүрөктөгү жаңырык: Ырлар. - Ф.: Кыргызстан, 1985. - 37 б.
  • Шаарда жоголгон сөз: Ырлар. - Б.: Адабият, 1994. - 74 б.

Орус тилинде түзөтүү

  • Литературные тенденции Кыргызской профессиональной литературы 60-80-х гг.: Монография. - Б., 1992. - 262 б.

Котормолору түзөтүү

  • Көкжалдардын өлүмү: Роман. - Анкара, 1999. - 450 б.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6
  • Айтматов академиясынын академиктери / Жыйнакты түзгөн Дилдебек Андашев; Жооптуу редактору Четин Жумагулов. Китепти каржылаган Темирбек Асанбеков. – Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 2011. – 104 бет, сүрөттөр. – (Мында: 50-бетте). – ISBN 978-9967-14-087-5.



Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. https://www.azattyk.org/a/chynybai_tursunbekov_death/30710429.html