Тушамыш (чидер) — Ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унаа отко коюлганда алыс кетпес үчүн атайын анын алдыңкы эки бутун (кишен, тушоо) же алдыңкы эки жана арткы бир бутун белгилүү узундукка байлап коюучу ат жабдыгынын бир түрү. Тушамыш алгач жердиктен (кайыш, жип, кыл аркан) жасалып, унаанын алдыңкы бутунун бакайынан бир аз өйдөрөөк жерине (тушарына), алдыңкы буттар менен шилтенбей тургандай кылынып байланган. Мындай чидердин узундугу 1,5—2,5 карыштай болуп, эки учу унаанын алдыңкы буттарына мүйүз, жыгач тээктери (узуну 4—5 см) менен бекитилген. Өзгөчө азоо унаалардын алдыңкы эки буту менен бир буту чидер менен тушалган. Тушамышты (тушоону) же чидерди чеберлер майда тал кайыштардан өрүп да, кайып да жасалат. «Чидерлеп кой» (үч бутун тушоо), «тушап кой» (эки бутун тушоо). Чидер үч буттуу, тушоо эки буттуу тушамыш болуп саналат.

Тушамыш

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)