Тыйын чычкан сымалдар (Sciuridae) - кемирүүчүлөр түркүмүндөгү сүт эмүүчүлөр тукуму.

Тыйын чычкан сымалдар.

Миоцен доорунан белгилүү. Дене уз. 6-60 см, Тыйын чычкандын 25 уруусу (башка маалыматтар боюнча 39), 230дан ашык түрү белгилүү. Алар тыйын чычкандар, ала чычкандар, суурлар, кандек чычкандар ж. б. Евразия, Африка, Түндүк Америка жана Түштүк Американын түндүгү токойлордо, ачык талааларда, ошондой эле тундрада жана дениз деңг. 3800 м бийик тоолордо кезигет. КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусунун 22 түрү таралган. Дарактарда, жерде, ийиндерде жашайт. Көбү күндүз активдүү. Кышында чээнге кирет. Негизинен өсүмдүк менен азыктанат, кээси кышка азык камдайт. Жылына 1-3 жолу төлдөйт. Тыйын чычкандын 6 түрү ТКЭСтин, 1 түрү (мензбир сууру) Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4