Түргөн-Аксуу өрөөнү

ТҮРГӨН-АКСУУ ӨРӨӨНҮ‎»‎ барагынан багытталды)

Түргөн-Аксуу өрөөнү - Тескей Ала-тоонун түн. капталында.

Түргөнаксуунун аккан багыты б-ча түндүктү карай созулуп жаткан кооз аймак. Уз. 45 кмдей, таманынын жазылыгы 1–5 км. Деңиз деңг. баш жагы 2800–2900 м, төмөнкү бөлүгү 2100–2150 м бийиктикте жатат. Курчаган тоолордун өрөөн таманынан салыштырмалуу бийикт. 1000–1400 м. Өрөөн негизинен мөңгүнүн аракетинен пайда болуп, бара-бара суу жеп, үбөлөнүүдөн калыптанган. Таманы төртүнчүлүк мезгилдин шагыл, кум, чопо, майда кой таштарына толгон. Тоо капталдары ортоңку бөлүгүндө палеозойдун гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен туруп, кеңдик багытындагы тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Жогорку бөлүгү ордовиктин кумдук, сланец, туф, акиташ, конгломерат, порфирит тектеринен түзүлгөн. Климаты континенттик; январдын орт. темп-расы —10°С, июлдуку 16°С; жылдык жаан-чачыны 500 мм. Өрөөндүн таманын ж-а тоо этегин карагай токоюнун ири массивдери ээлейт. Тоо капталдарына шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа (3000 м бийиктикке чейин), субальп ж-а альп шалбаасы, шалбаалуу талаасы (3500–3600 мге чейин), андан жогору гляциалдык-нивалдык ландшафттар мүнөздүү. Өрөөндүн табигый кооздугун карагай токою аралаш өскөн бийик чөптүү шалбаа өсүмдүктөрү ж-а тоо рельефи түзөт. Төмөнкү бөлүгүндө Акбулуң, Зындан ж-а Түргөн кыш. жайгашкан;айдоо ж-а чабынды жерлери, токой чарбасы бар. Жогорку бөлүгү жайыт. Түргөнаксуу аркылуу Ысык-Көл ж-а Сарыжаз өрөөндөрүн байланыштырган авт. жолу өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2