"Түрү суук өрдөк"( дан. Den grimme Ælling - даниялык балдар жазуучусу жана акын Ганс Кристиан Андерсендин жомогу, биринчи жолу 1843-жылы 11-ноябрда жарык көргөн.

Сюжети түзөтүү

Бир эски короодо өрдөк эне балапандарын чыгарат , бирок анын акыркы чыккан балапан башкаларга окшобогон,коркунучтуу болот. Канаттуулар короосунун жашоочулары түрү суук өрдөктү дароо жактырбай, балапанга дайыма кол салышат . Алгач эне балапанын коргоп жүрөт да ,көп өтпөй жактырбай баштайт.Кордукка туруштук бере албай, өрдөк короодон сазга качып, көрүнүшүнө карабай жапайы каздар менен достошо алат.Бирок көп өтпөй алар мергенчилер тарабынан өлтүрүлөт . Андан кийин өрдөк саздан качып, эртеден кечке тентип жүргөндөн кийин кемпир, мышык жана тоок жашаган үйдү байкайт. Кемпир балапанды жумуртка тууйт деген максатта ,үйдө калтырат .Үйдө жашаган мышык менен тоок өрдөктү шылдыңдай баштайт ,сууда сүзгүсү келген өрдөк ,бул жерде калуу маанисиз экенин сезип ,көлгө качып ,ошол жерде жашай баштайт .Бир күнү түрү суук өрдөк көл бетиндеги ак кууларды көрүп ,ушунчалык жактырып калат .Бирок түрүн шылдыңдашат деп коркуп , аларга жакындоого эч качан батынбайт Кыш келгенде өрдөк музга тоңот ,өтүп бара жаткан дыйкан байкап калып ,үйүнө алып кетет .Жаңы үйдө өрдөк көпкө болгон жок: аны менен ойногусу келген балдардан коркуп, сыртка качып кетти. Ал кышты көл жээгиндеги бадалдарда өткөрдү. Жаз келгенде өрдөк учканды үйрөндү. Күндөрдүн биринде ал көлдүн үстүнөн учуп бара жатып, анда калкып жүргөн ак кууларды көрөт. Бул жолу, алар аны тиштеп алууну чечишсе дагы, аларга жакындоону чечет.Бирок сууга үңүлө,өрдөк кокустан анын чагылышын карап, ошол жерде ошол эле сулуу жаш ак кууну көрдү. Башка ак куулар аны кубаныч менен өз үйүрүнө кабыл алышты.Бир топ убакыт мурун түрү суук өрдөк мындай бакытты кыялдана да алмак эмес...

Чыгарманын жаралышы түзөтүү

:

вперёд.

автора:

  • писателя;
  • Копенгаген;

Жазуучунун күндөлүгүнөн маалым болгондой,чыгарманын идеясы токойдо эс алуудан кийин жаралган .Жазуу 1842-жылдын 5-июлуна таандык болуп ,жомок алгач "Бир өрдөктүн баяны " деп аталган .Көпчүлүгү "Түрү суук өрдөк "Ганс Христиан Андерсендин автобиографиясы деп эсептешет .

" Ал бою узун,арык жана олдоксон кыймылдуу ,.колу жана буттары өлчөмсүз узун жана арык ,колунун манжалары тегиз жана узун ,а бутунун таманы чоң өлчөмдө болчу .Муруну "рим формасы " деп аталып , өлчөмсүз чоң жана көзгө дароо уруна турган .

Чыгармадагы окуялар өткөн жерлерди автордун жашоосунан паралель алсак болот :

•Камыштар өскөн ,өрдөк уясы бар жер- бул автордун туулган жери Оденсе ;

•Жаман сөздөр менен жектеген канаттуулар короосу -Даниянын борбору Копенгаген ;

•Тоогу жана мышыгы менен жашаган кемпирдин үйү - авторду жакшы кабыл алган ,бирок ар дацым кантип жашаш керектигин үйрөтө берчү таанышынын үйү .

Маданий аспектиде түзөтүү