Түштүк пассат агымы - Дүйнөлүк океандын түштүк тропик кеңдигинде чыгыштан батышты карай аккан жылуу агым.

Пассаттардын таасиринен пайда болот. Туурасынын кеңдиги (2500 кмге чейин) жана жай ылдамдыгы (1050 см/с) менен айырмаланат. Тынч океанда - Перу, Атлантика океанында - Бенгела, Инди океанында Батыш Австралия агымдарынын уландысы, экваторго жакындаганда Т. п. а-на биригип, батышты карай бурулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4