Төкөлдөштүн төрт кызы - бул бир кезде Кыргызстандын борбору Бишкектин (Пишпектин) чет жакасында жайгашкан Төкөлдөш айылынан чыккан чыгаан кыргыз өнөрпоз айымдары.

Кыргыз көркөм өнөрүнө зор эмгек сиңирген бул айымдар - СССРдин эл артисттери Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова жана Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева.

Аларсыз ХХ кылымдагы кыргыз өнөрүн эч элестете албайбыз.

Төкөлдөш айылы болсо мурда Бишкектин чет жакасында жайгашкан, азыркы Бишкек деген ири шаардын дээрлик чордонунда болуп калды.

Адабият тизмеси түзөтүү

Фрунзе. Энциклопедия. 1983.

Чүй облусу. Энциклопедия. Бишкек, 1995.

Интернеттеги шилтеме: түзөтүү