Даркүл Күйүкова

Кыргызстандык театр жана кино актрисасы. СССРдин эл артисти
Күйүкова, Даркүл‎»‎ барагынан багытталды)

Даркүл Күйүкова (1919-1997) — советтик жана кыргызстандык актриса.

Даркүл Күйүкова
Туулган датасы:

29 -октябрь 1919(1919-10-29)

Туулган жери:

Төкөлдөш, Ворошилов району, РСФСР

Өлгөн датасы:

20 -март 1997(1997-03-20) (77 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек,Кыргызстан

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

1955—1988

Сыйлыктары:

СССРдин Эл артисти, Токтогул сыйлыгынын, СССРдин “Эл достугу” орденинин ээси

IMDb:

ID 0476722

Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында эмгектенген. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1958), СССР эл артисти (1967).

1936-жылдан Бишкектеги жаш көрүүчүлөр театрында, 1941-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиялык театрында эмгектенген. Ал Жаңыл (К.Маликов, А.Куттубаев, «Жаңыл»), Гонерилья (У. Шекспир, «Король Лир»), [[Толгонай] (Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу»), Курманжан (М. Жакыпов, «Курманжан датка») жана башка, ошондой эле кинодо да бир топ белгилүү ролдорду жараткан.

Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1987, «Манастын уулу Семетейдеги Чыйырдынын ролу үчүн). Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери менен сыйланган.

Көркөм өнөрдүн Жаңыл мырзасы түзөтүү

Кыргыз көркөм өнөрүнө зор эмгек сиңирген Төкөлдөштүн төрт кызы, СССРдин эл артисттери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сабира Күмүшалиева эле. Төртөө төрт кырдуу кайталангыс таланттуу чыгып, алардын театрда, кинодо жараткан образдары кыргыз маданиятынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды. Театр адистеринин айтымында, Даркүл Күйүкова табийгатынан актрисалык өнөргө жаралгандай, ички сезими күчтүү, театралдык трагедиялык пландагы актриса болгон.

«Саманчынын жолу» жана Даркүл Күйүкова түзөтүү

Даркүл Күйүкова кыргыз аялдарынын ар кыл образын түзүүдө зор чеберчилигин көрсөткөн. Анын Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасындагы Оңолкандын образы албуут, ач көз, кыялы чапчаң, орой аял болсо, Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклиндеги Толгонай боорукер, кайраттуу, ары эмгекчил, мээримдүү эне болуп чыга келген.
Андан сырткары “Курманбекте” Айганыштын, “Сарынжиде” Акчайымдын, “Тар капчыгайда” Майсалбүбүнүн жана башка ондогон кейипкерлердин кайталангыс образдары улуу актриса Даркүл Күйкованын талантына таандык.
Режиссер Медербек Назарлиев сахналаштырган “Саманчынын жолу” спектаклинин бет ачары 1966-жылы Орус драма театрынын сахнасында өткөрүлүп, кыргыз драма театрынын репертуарында он жылдан ашуун жүрүп, миң ирет коюлган.
Улуу актрисанын кызы, эмгек сиңирген артист Райма Абдубачаева ал спектаклдин бет ачары тууралуу буларды эскерди: -“Саманчынын жолу” спектаклинин бет ачарына ыраматылык Чыңгыз Айтматов келип, өзү кабыл алган. Спектакль бүткөндөн кийин терең ыраазылыгын билдирип, апамдын ойногон ролуна абдан жогору баа берген. Ошондо Кыргызстанда спектаклдердин бет ачары мындай болгон эмес. Залдагы жык-жыйма эл туруп алып он мүнөт кол чаап, көшөгөнү он жолу кайра-кайра ачтырышкан. Мен ошондон кийин бир дагы спектаклден көргөн жокмун, көрүүчүлөрдүн ошондой ысык мамилесин.
Бир жылдан кийин “Саманчынын жолу” спектакли Москвада көрсөтүлүп, театр ишмерлеринин, көрөрмандардын зор баасын алып, Даркүл Күйүковага СССРдин эл артисти наамы берилет.
Кийинчерээк режиссер Бообек Ибраев койгон немецтин белгилүү драматургу Бертольт Брехтин “Өлөрман эне жана анын балдары” спектаклинде Даркүл Күйүкова - Эненин образын жаратып, ал образ немец элинин атактуу актрисасы, Брехтин жубайы Елена Вейгелдин жараткан образы жана талантына окшош деген жогору баасын алып, СССРдин “Эл достугу” орденине татыктуу болгон.

Образ жаратуунун чебери түзөтүү

Даркүл Күйүкова театр сахнасында дүйнөлүк, орус жана кыргыз классикалык драматургиясы боюнча коюлган спектаклдерде ондогон кейипкерлерди, өзгөчө энелердин образын жогорку чеберчиликте аткарып, кыргыз театр өнөрүндө улуттук мүнөздөгү кайталангыс театр мектебин түптөп кеткендердин бири. Советтер Союзнда эң мыкты беш актер болсо ошолордун бирөө Даркүл Күйүкова деген атакка татыктуу болуп, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат да болуп шайланган.
Ал кыргыз киносунда “Биринчи мугалим”, “Ак кеме”, “Аптап”, “Аталар өрөөнү” кинотасмаларында бири-бирине окшобогон образдарды түзгөн.
Кесипештери Даркүл Күйүкованы образ жаратуунун чебери катары баалашат. Ал кандайдыр бир ролду алганда бөлмөдө сөз жаттап эле отуруп калбай, ошол кейипкердин кыял-жоругун, мүнөзүн, кыймыл аракетин эл арасынан издеп, образдын үстүнөн изденүү менен талбай эмгектенчү тура.
Кыргыз драма театрында бир бригаданы жетектеп алып, 4-5 айлап алыскы айылдарга гастролдо жүргөндө башкарма же райком болобу, карапайым малчы, дыйкан же механизатор болобу баары менен бирдей мамиле кылып, СССРдин артистимин деп бой көтөрчү эмес экен.

Акыркы арман түзөтүү

 
Даркүл Күйүкова - "Биринчи мугалим" көркөм тасмасынан

Анын кызы, Эмгек сиңирген артист Райма Абдубачаева апасы чыгармачылык менен алпурушканы менен үй-бүлөдө мээримдүү, боорукер, күйүмдүү, жароокер эне болгонун, алты баласынын (төрт уул, эки кыз) баарын бирдей көрүп, тарбиялап, жогорку билимдүү кылып өстүргөнүн белгиледи.

Улуу актриса өмүрүнүн акыркы күндөрү ден-соолугу начарлап, оорунун азабын чексе дагы кайратынан жазбай, үй-бүлөсүн, кыргыз элин, жашоону, кесибин сүйүп өтүптүр. - Апамдын акыркы арманы сахнага кайра чыга албай калганы болду. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрү мурдагы ролдорундагы монологдорду айтып, оору менен күрөштү. Көзү жумулганча театрды оозунан түшүрбөй, элдин амандыгын тилеп, монолгодорун кайталап атты. Айла жок, ооруу акыры алып тынды.
Даркүл Күйүкова документи боюнча 1919-жылы 29-октябрда Ворошилов районуна караштуу Төкөлдөш айылында туулган деп жазылып жүрөт. Кызынын айтуусунда, ал жаш кезинде комсомолго өтөм деп жашын эки жашка чоңойтуп алыптыр. Анын өзүнүн туулган так жылы 1921-жылдын 29-октябры экен.
Ал узакка созулган оорунун кесепетинен 1997-жылы каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Кызы Райманын айтымында, ошол мезгилде анын ысымын бир көчөгө коюу, эстелигин тургузуу тууралуу өкмөт атайын токтом кабыл алганы менен ал ишке ашпай калган. Кийинчерээк мурдагы премьер-министр Апас Жумагуловдун жеке кийлигишүүсү менен Ала-Арча көрүстөнүндөгү бейитине эстелик тургузулуп, Арча-Бешик жаңы конушундагы бир көчөгө ысымы берилген.
Айрым байкоочулардын пикиринде, убагында Советтер Союзуна атагы чыккан улуу актриса Даркүл Күйүкова каза болгондон кийин Маданият министрлиги, театр же коомчулук тарабынан эскерилбей, анын 80 жылдык мааракеси да өткөрүлбөй калган. Актрисанын табийгат берген талантын, чыгармачылыгын, ал ойногон ар бир образды ачып берген китеп жазылбай, урпактарга жетпей калды. Көзү тирүү болгондо келээрки жылы Даркүл Күйүкованын 90 жашка чыкмак. Эми актрисанын 90 жылдык мааракеси белгиленер-белгиленбеси да азырынча арсар.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003.

“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети” Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н. Өмүрбеков.

Шилтемелер түзөтүү