Төрөкул Жанузаков

саясатчы

Жанузаков Төрөкул — (1893, Орусия империясы, Сыр-Дарыя облусу, Аулие-Ата уезди, Талдыбулак аулу — 1921, Орусия СФСРи, Түркстан АССРи, Фергана облусу) — мамлекеттик жана коомдук ишмер. 1920-ж. Түркстан АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Меркедеги (Казакстан) орус-жергиликтүү мектебин аяктап, 1909-жылдан Түркстан генерал-губернаторуна жеке жардамчы жана котормочу болуп иштеген.

Төрөкул Жанузак уулу (Канаев)
Төрөкул Жанузак уулу (Канаев)
Желек
Желек
Түркстан АССР төрагасынын орун басары
желек
желек
1920 — 1921 жж.
Желек
Желек
Сырдарыя областык кеңешинин мүчөсү
желек
желек
1917 — ? жж.
Желек
Желек
Түркстан генерал-губернаторунун адъютанты
1909 — ? жж.
 
Жарандыгы: Орусия желегиОрусия империясы

ТАССР желегиТүркстан АССР

РСФСР желегиОрусия СФСР

Туулган жылы: 1893-ж.
Туулган жери: Сыр-Дарыя облусунун Олуя-ата уездинин №5-айылындагы Орто-Кошой өзөнүнүн Узун-Булактын оозу
Каза болгон жылы: 1921-ж.
Каза болгон жери: Түркстан Советтик Социалисттик Автономиялуу республикасы, Фергана облусу
Партиясы: Түркстан коммунисттик партиясы, Түркстан Улуттук Биримдиги
Билими: Мерке орус мектеп-интернаты
Ишмердүүлүгү: мамлекеттик жана коомдук иштер
Түркстан ССР БАКынын өкүлдөрүнүн төш белгиси.

Зеки Велиди Тоган 1969-жылы Стамбул шаарында жарык көргөн өзүнүн «Эскерүүлөр» деген аталыштагы китебинде:

« Ошол сапарымда Ташкент, Фергана, Самарканд, Бухарада мен көптөгөн досторду таптым. 1914-жылы билим алып жатышкан жаштар менен бирге театрга, кечелерге бардым. Ташкенттеги мына ошондой кечелердин биринде Жанузаков аттуу кыргыз интеллигенти менен таанышкам. »

1915-жылы Таластын жогорку чөлкөмүнө бир трашменке (араба) толтура дептер, калем сап, сыя, араб арибинде жазылган жүздөн ашык китептерди, өзү менен кошо үч татар мугалимдерди ээрчите келип, жай мезгилинде Үч-Кошой кыштоосунда айылдардан балдарды чогултуп, үч боз үйдү кошуп тиктирип мектеп уюштурган.

Жанузаков кыргыздардын ичинен биринчи болуп Россиянын мамлекеттик думасына депутаттыкка талапкер болгон. Совет бийлиги орногондо, эркиндикти, элдик бийликти колдоп, Түркстан Аткомунун 1916-жылкы көтөрүлүштөгү качкындардын иши боюнча комиссиясына төрагалык кылган.

Совет бийлиги качкын кыргыздардын калгандарын мекенине көчүрүп келүүгө, жардам берүү үчүн Батыш Кытайга атайын комиссия жөнөткөн. Бул комиссия Түркстан Советтик Республикасынын Советтеринин Борбордук Аткаруу Комитетинин 1920-ж. 3-февралдагы чечими менен түзүлгөн. Бул комиссияны 27-жаштагы Төрөкул Жанузаков жетектеген. Комиссияга качкын кыргыздарды мекенине кайтаруу, жерлерин кайтарып берүү, аларга зомбулук көрсөтүүнү токтотуу кулдукка сатылып кеткендерин куткаруу, материалдык жардам берүү жана орустар менен кыргыздардын касташуусун токтотуу милдеттери жүктөлгөн.

Түркстан АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин 1920-ж. 3-февралындагы буйругунан.

1920-жылы 22-мартта жыйын өткөрүлүп, анын негизинде Өзгөчө Комиссиянын мүчөлөрү толук катышып, комиссия өндүрүмдүү иштөө үчүн 3 подкомиссияга бөлүнөт:

  1. Башкы пункт катары Пишпек жана Токмок уезддери белгиленип, төраганын (Т. Жанузаковдун) резиденциясы Пишпек болуп жана бардык иштердин жүрүшүн башкаруу болуп саналат;
  2. Верный, Жаркент уезддери жана Кытайдагы Кулжа шаары камтылып, подкомиссиясынын төрагасы Мангелдиев бекитилген;
  3. Кашкар, Прежевальский төрагалыгына Нигматуллин бекитилген.

Т. Жанузаков Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндөгү кулактардын жергиликтүү кыргыздарга жасаган өзгөчө жырткычтык мамилелери боюнча тергөө иштерин уюштурат. Анын натыйжасында, 1916-жылы Беловодск (Ак-Суу) айылынын аймагында 537 куралсыз кыргыздарды, карыяларды, балдарды, аялдарды жырткычтык менен өлтүрүүнү уюштургандар атууга берилет.

1920-ж. сентябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин I-конгрессинде доклад окуп, С. Орджоникидзе, С. Киров менен чогуу Г. Зиновьев башында турган Чыгыш иштери боюнча Үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Съездден кийин түркстандык 40 делегаттан турган атайын кеңешмеге да катышкан. Саясий көз карашы боюнча Т. Рыскуловду колдоп, аны менен бирдикте Россиянын курамында өзүнчө Түркстан Республикасын түзүүнү сунуш кылган.

Т. Рыскуловдун 15-декабрь 1934-жылы (Москва ш., Кремль) И. В. Сталинге жана Л. М. Кагановичке «Борбор Азиянын партиялык уюмуну тазалоодо аша чаап кетүү» жашыруундук грифи менен жазган катынан:

« Жанузаков дагы Бакудагы Чыгыш элдеринин курултайына катышты. Мага ал Түркстанга кайра кайткан соң таарынуусун баса албай кызуу кандуулукка алдырып, жолдон тайып кете тургандай көрүндү. Ошондуктан да ага мени менен ээрчип Бакудан түздөн-түз Москвага жөнөп кетүүнү сунуштадым. Москвага барган соң кызуусу басылаар, андан жакшы кызмат кылаар деп ойлодум. Сөзүмдү уккан күбөлөр азыр да тирүү. Бирок, ал баш тартып Ташкентке кетип калды. Ал жакта аны элдешкис душманы Манап Алимбеков тосуп алды. Башчы кызматкерлердин аны туткундоо тууралуу купуя чечими чыкты (аны мага бирөө жеткирди), чечимди уккан Жанузаков (мен муну окуяга катышкан бирөөнүн өз оозунан уктум) тоодогу кыргыздарга качып кетти, кийин басмачыларга кошулду. Биздин Бакуда аны менен айрылышканыбызга карабастан, аны басмачыларга мен жөнөттүм деген ушак жайылыптыр. »
1921-жылдын сентябрында Самарканддагы өткөн Түркстан Улуттук Бирлигинин VI-конгрессинде Түркстандын уставы жана туусу кабыл алынды.

1921-ж. сентябрда Самаркандда өткөн Түркстан улуттук биримдигинин VI-конгрессине катышкан. Белгилүү чыгыш таануучу, Төрөкулдун жакын досу жана санаалашы Зеки Велидов өзүнүн эскертүүлөрүндө Жанузаковдун Түркстандын эркиндигин жарыялоону өз алдына максат кылып койгон Союздун программасын, Уставын жана башка толгон токой документтерин иштеп чыгып, ал түгүл Туунун эскизисине чейин сүрөтүн чийүүдө зор эмгек жасагандыгын жазып калтырган. Ошол конгрессте Түркстан аймагынын чегиндеги бардык корбашылар менен байланыш түзүлүп аларга саясый кеңешчилерди жиберүү боюнча чечим кабыл алынган. Ушул конгресстен кийин Жанузаков совет бийлигинин диктатурасына ачык нааразы болуп, Түркстан элдерин өз алдынча көз каранды эмес мамлекетке айландыруу үчүн жаңы бийликтен кол үзүп совет бийлигине каршы отряддарды уюштурган.

Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик Архивине (19.08.1921. Стенограм. отчет) тийиштүү маалыматтарга ылайык, Т. Жанузаковдун ал мезгилдердеги ишмердүүлүгү жөнүндө:

« Т. Жанузаков тоолуу аймактардагы манаптарда уюштуруучулук иштер менен жүрөт. Жана ал жергиликтүү калктарды улуттук платформага негиздеп бириктирүүнүн камын көрүп жатат. Ал болгон күч-аракетин жумшап, өзүн Жети-Суудагы кыргыздардын мыйзамдуу өкүлү катары көрсөтүүдө. Ошондой эле жакынкы аралыкта ал Англия аларга куралдуу күчтөрдөн турган көмөк көргөзөрүн, ал эми Ооганстан алар менен бирдиктүү союз түзөт деп ишендирүүдө. »

1921-ж. Т. Жанузаков Андижан уездинде Исраил кор башынын тобунда жүрүп, декабрь айында кызыл аскерлер менен болгон уруштардын биринде курман болгон.

Т. Жанузаков саясий ишмердүүлүгүнөн тышкары улуттук баалулуктарды сактоо боюнча иш алып барып жүргөн. Ошол эле Заки Валидинин «Эскерүүлөр» китебинен:

« Радлов тарабынан жазылган „Манас“ дастанын варианты 19-кылымда араб графикасы менен жазылып анан мага Ташкентте Абубакир Диваевдин берген китебинен алдаганча айырмаланып турат. Анын көпчүлүк жерлерин окуганга да мүмкүн эмес. Түркстанда, Кокон хандыгы учурунда колдон колго өткөн бул варианттын 60 миң гана сабы араң окулат. Биз Жанузаков экөөбүз араб ариби менен кайрыадан бастырууну максат кылдык эле. Бул дастан менин колумда 8 жыл турду. 1920-жылы Жанузаков Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин съездинде менден убактылуу бир мөөнөткө сурап алды эле. Бирок, аттиң. Бир жылга аяк баспай Ферганада Совет бийлигине каршы күрөштө ал баатырларча курман болуп, ал көчүрмө жоголуп кетти. Биздин „Манасты“ кайра чогуу бастырып чыгаруу тууралуу кыялдарыбыз ошентип ишке ашпай калды... »

Эскертүүлөр түзөтүү

  • -1919-жылы Төрөкул Жанузаков Жети-Суу облусундагы качкындарды жайгаштыруу боюнча Түркстан борбордук аткаруу комитетинин өзгөчө комиссиясынын төрагасы болгон. Мен анын талабы боюнча РКПБнын Пишпек уюмунун өзгөчө комитетине жиберилип, Пишпек уезди боюнча комиссиянын төрагасы болуп иштегем. Аны менен башка байланышпадым.[1]
  • - Элдин катышканы чындык. Саясий окуяларга ошол мезгилдеги кыргыз интеллигенциясы активдүү аралашкандыгын тарыхый маалыматтар далилдөөдө. Ыңкылапка салымын кошкондордун арасында Төрөкул Жанузаков, Ахматбек Койбагаров, Ишенаалы Арабаев жана башкалар болгон.[2](жеткиликсиз шилтеме)
  • Революцияга чейинки Россия Думасына депутаттыкка кандидат болгон 1-кыргыз – Төрөкул Жанузаков [3]
  • ЖАНУЗАКОВ Төрөкул  [1893,  Олуя-ата  уезди  (азыркы  Талас  облусу,  Талдыбулак  айылы)  –  1921,  Фергана облусу,  Түркстан  АССРи] [4](жеткиликсиз шилтеме)
  • 16-жыл боюнча эмгек сиңирген көп кишилер болгон. Мисалы, Төрөкул Жанузаков Лениндин алдына Кытайдагы кыргыздарды кайра көчүрүп келүү боюнча маселе коюп, 100 миң рублди бөл­дүртүп, кыргыздардын аман-эсен кайтып келишине эмгек сиңирген киши. [5]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Төрөкул интриган оюндун курмандыгы болгон(жеткиликсиз шилтеме)
  2. Төрөкул Жанузак уулу- Орусиянын мамлекеттик думасына депутаттыкка талапкер болгон алгачкы кыргыз Archived 2019-09-23 at the Wayback Machine
  3. Төрөкул Жанузаковдун акыркы каты
  4. Улутман: "Унутулган инсан Төрөкул Жанузаков". 1-көрсөтүү
  5. Улутман: "Унутулган инсан Төрөкул Жанузаков". 2-көрсөтүү
  6. Катаал мезгилдин кажыбас азаматы
  7. Достук радиосунун «Данакер» программасы: Төрөкул Жанузаков (14.09.2019)
  8. Кыргыздардын XX кылымдын башында мамлекеттүүлүккө умтулуусу

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14- 046-1
  2. Осмонов Ө., Мырзакматова А. 0 - 9 4 Кыргызстандын тарыхы: урунттуу учурлар (XIX к. ортосунан азыркы мезгилге чейин). Орто мектептин 11-кл. үчүн окуу китеби. - Тол., онд. 2-бас. — Б.: «Билим-компьютер», 2012. - 288 б. ISBN 978-9967-426-41-2 // Качкын кыргыздардын мекенине кайтышы — 101-102 б.
  3. Акылбеков Алымбек, Алымбеков Тургунбек БАЛЫКООЗДУН САНЖЫРАСЫ (Отор хан, же арабдар келгенге чейинки кыргыздардын тарыхы) Кол жазманы көчүрүп, басууга даярдаган жана түшүндүрмө берген Турганбаев Элебай // Алгы сөз — 5 б.
  4. ТАРЫХ ИЗДЕРИНДЕ КАЛГАН ИНСАН - ТӨРӨКУЛ ЖАНУЗАКОВ. Үмөтов Э.А. 2016. № 11-1 . C. 150-152(жеткиликсиз шилтеме)
  5. Качибеков Кушубек (Кушан). Төрөкул Жанузаков... Түркстан жаңырыгы. (Тарыхый-даректүү баян). — Б.: 2019. - 548 бет. ISBN 978-9967-9150-2-2
  6. Осмонов Ө.Ж. Кыргызстан тарыхы (Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин) Б., 2016.
  7. Умөтов Э.А. Умөт Молдонун архивинен. Б., 2001.
  8. Аалам : Адамга-ыйман, ырыскы, ынтымак! : Эркин КУТ геизити [Y: 2009, s.19, 17-март] // Кыргыз тарыхынын улуу инсаны (Төрөкул Жанузаков) — Ж.Жунушалиев, К.Кожомкулов.
  9. Рух кенчи : Республикалык тарыхый-маданий гезит: Даанышман өтөт, сөз калат! [Y: 2013, s.1, Январь] Archived 2020-11-29 at the Wayback Machine // Тарых бүктөмүндө калган кыргыздын кырааны (Көрүнүктүү саясый лидерлеринин бири Төрөкул Жанузаков жөнүндө) — Н. Сейдалиев.
  10. Кыргыз туусу : Кыргыз Республикасынын улуттук расмий төл гезити [Y: 2016, s. 58, 26-июль], [Y: 2016, s. 59, 29-июль] // Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө катышкан инсан (Көрүнүктүү саясый лидерлиринин бири Төрөкул Жанузаков жөнүндө) — Н. Байжигитов.
  11. «Кыргыз тарыхы: Энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек, 2003» Archived 2017-08-06 at the Wayback Machine