Темиркул Үмөталиев

Т. Үмөталиев‎»‎ барагынан багытталды)

Акын Темиркул Үмөталиев Жаңы-Жол районунда караштуу Тоо-Жар айылында 1908-жылы туулган. 1925-жылы Темиркул Ак-Суудагы жетим балдар үйүндө тарбияланып, 1929-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Ноокат районунда эки жыл мугалим, кызыл үйдүн башчысы жана райком комсомолдун бөлүм башчылык кызматтарын аткарган.
1928–1929-жж. техникумда окуп жүргөндө Үмөталиевдин кабарлары «Ленинчил жаш», «Кызыл Кыргызстан» гезиттерине үзбөй чыккан. 1931-жылы Фрунзеге келип, обком комсомолдун аппаратында бөлүм башчы, 1934–1935-жж. Араван МТСинде саясий бөлүмдүн начальнигинин комсомол иши боюнча жардамчысы, 1935–1937-жж. «Кыргызстан пионери» гезитинин редактору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орунбасары, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин бөлүм башчысы, 1937-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында иштеген.
Т.Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согушта Калинин, Түштүк-Кавказ, Закавказье, Украина фронтторундагы, Румыния, Болгария, Югославия, Венгрия, Австрияны фашизмден бошотууга катышкан.

1946–1953-жж. «Ала-Тоо» журналында башкы редактор, 1974-жылдан китеп сүйүүчүлөр коомунун башкармасынын төрагасы болгон.
Т.Үмөталиевдин ырлары 1930-жылдан тартып басма сөз беттеринде чыга баштаган. «Баатыр» аттуу поэмасы 1944-жылы жарык көргөн.
Т.Үмөталиев Пушкиндин, Маяковскийдин, Тихоновдун, Янка Купаланын, Турсун-Заденин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Т.Үмөталиевдин чыгармалары орус, украин, өзбек, казак ж.б. элдердин тилдерине которулган. Т.Үмөталиев 1934-жылдан СССР Жазуучулар Союзуна мүчө болгон.

1968-жылы «Кыргыз Эл акыны» деген наам алган.

1982-жылы «Too гүлдөрү» аттуу китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
Ленин, «Эмгек Кызыл Туу», «Кызыл жылдыз», «Ардак белгиси» ордендери, «Кавказды коргогону үчүн», «Будапештти алганы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдарынын ээси.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

Ырлар жыйнагы. I. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 52 б.

Темиркулдун ырлары. 2-жыйнак. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 26 б.

Ырлар жыйнагы: 3-китеп. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 68 б.

Гүлдөр өлкөсү: Ырлар жыйнагы. – Фрунзе – Казань, Кыргызмамбас, 1938. – 179 б.

Туратбай: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 67 б.

Күч бирдикте: Эл жомогунан. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 11 б.

Суу боюнда: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 79 б.

Алпкаракуш: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 14 б.

Токтомуш мерген: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 276 б.

Эчки, кой, төө, жылкы, уй бешөөнүн талашы: Кенже балдар үчүн. – Фрунзе – Казань, Кыргызмамбас, 1940 – 11 б.

Айсулуу: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 77 б.

Жеңиш ырлары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 34 б.

Жеңиш. – Ф.: Кыргызмамбас, 1946. – 187 б.

Москвага салам: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 29 б.

Биздин жер: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. – 31 б.

Мекен күүсү. Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 113 б.

Жыргал турмуш ырлары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 206 б.

Токтомуш мерген: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 22 б.

Тартуу: Балдар үчүн ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас. 1951. – 22 б.

Кубат: Гвардиянын саясий жетекчиси Кубат Жуматаев жөнүндө поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 136 б.

Эмгек гүлү: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 307 б.

Ак алтын жөнүндө ыр: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 260 б.

Кичинекейлерге ыр: Мектеп жашындагы кенже балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 366 б.

Көңүл ырлары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 142 б.

Чыгармалар жыйнагы. Үч томдук. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958.

Тегене: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 241 б.

Баатыр. Поэма. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 241 б.

Ленин жарыгы. Ленин жөнүндөгү ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 383 б.

Тай-тай: Бөбөктөр үчүн – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 16 б.

Кутманым: Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 207 б.

Нарын. Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 224 б.

Жүрөк ырдан картайбайт. Ырлар. – Ф.: Кыргызстан 1967. – 353 б.

Кызыл жар. Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 145 б.

Башталышы ушунда. – Ф.: Мектеп, 1969. – 116 б.

Алпкаракуш. Балдар үчүн жомок. – Ф.: Мектеп, 1969. – 22 б.

Торгой таңшык. Тандалган ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 119 б.

Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1971.

1-т. – 395 б.

2-т. –398 б.

Жүрөк үндөйт: Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 184 б.

Айсулуу. Поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 19 б.

Алпкаракуш: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1978. – 22 б.

Жеңиш маршы: Тандалган ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 463 б.

Too гүлдөрү: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 228 б.

Балтыркан: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 32 б.

Too гүлдөрү: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 103 б.

Ыр түнөгү: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 235 б.

Күч бирдикте: Жомок. Сила в единстве: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1985. – 16 б. – текст: кырг., орус.

Жолборс жүрөк жигит: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1986. – 24 б.

Тандалмалар. Эки томдук. – Ф.: Адабият, 1989.

1-т. Ырлар жана поэмалар. – 1989. –287 б.

2-т. Ырлар жана поэмалар. – 1989. – 303 б.

Орус тилинде

Сердце киргиза. – М.: Сов. писатель, 1947. – 86 с.

Дорожная песня: Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1955. – 108с.

Дорожная песня: Стихи и поэмы. – М.: Сов. писатель 1958. – 116 с.

Белое золото: Стихи и поэмы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 195 с.

Три легенды. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. – 67 с.

Весенние струны: Стихотворения и поэмы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1961. – 312 с.

Здесь начало: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1969. – 116 с.

Киргизские певцы: Стихи и поэмы. – М.: Худож. лит., 1972. – 159 с.

Жизнь зимы: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1975. – 70 с.

Птица великан: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1979. – 21 с.

Звени, комуз: Стихотворения и поэма. – М.: Худож. лит., 1982. – 254 с.

Горные цветы: Стихи и поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 216 с.

Сто вопросов у мальчонки: Стихотворения. – Ф.: Мектеп, 1983. – 28 с.

Преображение: Лирика и поэмы разных лет. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 272 с.

Башка элдердин тилдеринде

Стихи: Сборник. – Киев: Днипро, 1986. – 149 с. – укр.

КОТОРМОЛОРУ

Шиваза Я. Чыныдагы жазуу. Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. – 119 б.

Маяковский В. В. Владимир Ильич Ленин. Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 99 б.

Абулкасым Лахути. Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 185 б. (К.Маликов менен бирге).

Купала Янна. Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 84 б.

Маяковский В. В. Жакшы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 110 б.

Тихонов Н. С. Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956 – 104 б.

Турсун-Заде Мирза. Индиялык баллада. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 29 б.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү