"Убакытты багынткан кыз" (англ. The Girl Who Leapt Through Time, орус. Девочка, покорившая время) (時 を か け る 少女 Toki о Kakeru Shōjo?) - жапон илимий-фантастикалык анимация тасмасы. Режиссеру Мамору Хосода, сценарийин жазган Сатоко Окудера, ал эми продюсери Мэдхаус. "Kadokawa Herald Pictures" жарыкка чыгарган тасма 1967-жылы Ясутака Цуцуй тарабынан жазылган окшош аталыштагы романдын эркин уландысы. Романда да, тасмада да убакытта саякаттоо күчүнө ээ кыз жөнүндө сөз болгону менен окуясы жана каармандар романдан айырмаланат. Өспүрүм кыз Макото Коннонун үнүн Риика Нака коштогон. Тасманын баш каарманы Макото убакыт аралыгында саякаттоону тайэжеси Казуко Йошиямадан үйрөнөт. Макото өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн убакыт секиригин жеңил-желпи колдоно баштайт.

Убакытты багынткан кыз
Жанры

Илимий фантастикалык тасма, romance anime and manga, romance film, film based on literature, coming-of-age fiction, school anime, science fiction anime и time-travel film

Режиссёру

Mamoru Hosoda

Продюсери

Jungo Maruta

Сценарийдин
автору

Satoko Okudera

Композитору

Kiyoshi Yoshida

Кинокомпания

Madhouse

Узактыгы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Өлкө

Жапония

Тили

Жапон тили

Жылы

Маалыматтардын маңызы белгисиз. и Маалыматтардын маңызы белгисиз.

IMDb

ID 0808506

Анимациялык тасма 2006-жылдын 15-июлунда жылуу сын-пикирлер менен жарык көргөн. Тасма көптөгөн сыйлыктарды утуп алган. Анын ичинде Жапон Киноакадемиясынын "Жылдын анимациясы" сыйлыгын алган. Анимациянын англис тилиндеги версиясын "Kadokawa Pictures U.S." тарабынан лицензиялап, өндүргөн. Үн коштоосун "Ocean Productions" жасаган жана 2008-жылы "Bandai Entertainment" жарыкка чыгарган. 2016-жылы "Funimation" кайрадан жарыкка чыгарган.

Мазмуну түзөтүү

Каармандарда түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү