Кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Байыртан берки көчмөндүүлүктө күндөлүк турмуш-тиричилик жагын көздөп, жалаң мал чарбачылыгына байланышкан калк боз үйдүн боолорун, бирдемелерди байлоо жана жүктөө үчүн муну кыргыз аялдары жапырт кармашкан.

Эшменин үч түрү бар. Жалаң жүндөн эшилүүчү жип-шууларга боз үйдүн: «уук боосу», «түндүк боосу», «туурдук боосу», «үзүк боосу» анан «кырчоосу» сыяктуулар кирет. Жалаң кылдан көбүнчө «чылбыр», «аркан» эшилет. Анан кылга жүндү бөлөп, «желе» кулун-тайга «нокто», козу-улакка «көгөн» эшишкен. Кап, баштык, уук боолору да ошондой эшилген. Кыргыздын кылчык койлорунун жүнү эшмечилик үчүн негизги жердик болгон.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)