Уимблдон турнири - теннис боюнча өткөрүлүүчү «чон таажы» деп аталган таанымал эл аралык 4 турнирдин бири.

1877-жылдан тарта, ар жыл сайын июндун аягынан июлдун башына чейин эки жума Лондондун Уимблдон шаарчасында өткөрүлөт. Уимблдон турнири 5 тепкичте ойнотулат: жеке эркек, жеке аял, эркек жуп, аял жуп, эркек-аял. Ал эми жаштар арасында оюн 4 баскычта жүрөт. У. Реншоу, Р. Федерер, М. Навратилова, Ш. Граф өңдүү ж. б. теннисчилер Уимблдон турниринин жеңүүчүлөрүнөн болушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4