Улуу Памир (Улупамир, туркчо Ulupamir) ― Түркияда Ван областында Эржиш районундагы кыргыз айылы.

Тарыхы түзөтүү

Ооганстандагы согуштан качкан кээ бир кыргыздар 1982 жылы Түркиянин Ван областына барышат. Түркиягa көчүп келген кыргыздар, Кыргызстан жана Ооганстан четтеринин арасындагы Памир жайлоосунда жашаган жана Түркияга келгенден кийин жашаган жерлерин эстеп, үрп-адаттары менен жашоо үчүн жана айылдын атыны Улупамир деп атаган. Түркия Жумурийатынын өкмөтү макул болуп Улупамир айылы деп аталган.

Маданияты түзөтүү

үрп-адаты жалпысынан байыркы түрктөр менен бирдей. Меймандос эл болуп, тойлары көп түстү жана көркөмдүү. Ар жыл Маданияттык Шөлөндөр өтөт. Жылдын 6.нчы айында түзөлгөн шөлөндө айылдын кийимдери,тамактары, айылдын тарыхы жана жашоо акыбалы сөйлөнүшөт.

Тамактар; Беш-бармак жана манты, Ооган плову, эт менен жасалган нан, эт менен жасалган баштак (пейнир)ты прог (бөрек) түрлөрү Улупамир кыргыз элинин улуттук тамактары.

Географиясы түзөтүү

Ван шаарына 130 км, Эржиш шаарына 30 км аралыкта.

Экономикасы түзөтүү

Айыл калкы дыйканчылык жана мал чарбасында иштейт.

Айыл башкармасы түзөтүү

Ар 5 жыл сайын шайлоо менен айыл башчысы дайындалат. Шайланган айыл башчылары:

2004 - Жума Тач
1999 - Жума Тач
1994 - Ариф Кутлу
1989 - Ариф Кутлу
1984 - Ариф Кутлу

Кошумча маалымат түзөтүү

Мектеби бар. Орто эсеп менен алганда 600-700 окуучу окуйт. Лицей жана жогорку окуу жайы жок. Бул себептен айылдын жаштары шаарда интернат мектептерге барып окуйт.

Почта, телефон жана телеграф станциясы жок. Айылга асфальт жолу менен барууга болот. Электркубат жана телефон байланышы бар.

Айылдын суусу төбөдөн келген булактан болуп башкарма карайт.

Улупамир айылы "Памир-Дер" атында коому бар.

Шилтемелер: түзөтүү