УлуутооТүштүк Теңир-Тоодогу тоо. Араван, Төөмоюн, Кербен түздүктөрү курчап жатат. Кеңдик багытта 30 кмге созулат. Туурасы 9 км. Орточо бийиктиги 1250–1400 м, эң бийик жери 1635 м. Тоонун жону тайпак, капталдары жантайыңкы жана узун. Карбон, девон, силур мезгилдеринин акиташ, мергель, сланец, кумдук, алевролит жана башка тектеринен турат. Капталында бариттүү үңкүр жайгашкан. Көмүр кени бар. Негизинен чөл, жарым чөл, кургак талаа ландшафты басымдуу. Жайыт. Үңкүрлөрү рекреация максатында пайдаланылат.