Учсейит чокусу - Фергана тоо тизмегинин эң бийик жери. Чоку анын Учсейит тармагында жайгашкан. Бийиктиги 4693 м. Мөгүлүү. Чокудан төмөн кара кулжа суусу башталат. Юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук тектеринен турат.