Ушагар "Манас" эпосундагы топоним. Мыйзам учкан күз маалында Манас жолдоштору менен ууга чыга турган жер катары айтылат:

Баш жагы Коңко тоосуна,

Ушагар улуу суусуна,

Чыкмак болду калайык

Чаркастандын уусуна (Сагымбай Орозбаков, 1. 232).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4