Флорида кысыгы Флорида ж. а., Куба жана Багама а-нын ортосунда. Мексика булуңун Атлантика океаны менен туташтырат.

Флорида, Флорида кысыгы жана Куба.

Уз. 651 км, туурасы 150 км, эң кууш жери 80 км, фарватердеги тереңдиги 150дөн 2085 мге чейин. Ф. к-нан Гольфстрим агымы башталат. Порттору: Гавана (Куба), Майами (АКШ). Кысыкта 300 кмте созулган шуру (коралл) аралдарынын тизмеги бар. Аларды бойлой, Флорида ж. а-н АКШнын Ки-Уэст аскер-деңиз базасы менен туташтырган дүйнөдөгү эң узун суу астындагы автомагистраль курулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4