Фон, джеджи, дагомеялыктар, чыгыш эве (өздөрүн фонгбе деп аташат) — Батыш Африкадагы эл. Эве элине жакын. Бениндин түштүгүндө жана Нигериянын түштүк-батышында жашайт. Аз сандуу топтор Тогодо бар.
Жалпы саны 3,5 млн адам.

Фон
Расмий аталышы

Fon

Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 3,5 млн
 Бенин
 Нигерия

Тили

фон

Дини

христиандар (католиктер) жана мусульмандар

Расалык тиби

негроид

Тил түзөтүү

Эне тили — фон. Нигер-конго макробүлөсүнүн ква тил уясына кирет.
Көпчүлүгү француз тилин билишет.

Дин түзөтүү

Фон эли салттуу ишенимдерди (ата-бабаларга сыйынуу, асман, жер кудайларына сыйынуу ж.б.) сактап калган. Алардын ичинде Вуду культу кеңири таралган.
Бир аз христиандар (католиктер) жана мусульмандар бар.

Чарбалык иштер түзөтүү

Негизги салттуу кесиптери кол менен иштетилген тропикалык жер чарба (маниок, ямс, жүгөрү, батат, жер жаңгак) жана майлуу пальма жемиштерин чогултуу, ошондой эле балык уулоо болуп саналат.

Тарых түзөтүү

Фон 17 кылымда пайда болгон Дагомея мамлекетинин этникалык өзөгүн түзгөн. Ал мамлекет кул сатуу эсебинен көтөрүлгөн. 19 кылымдын аягында француз колонизаторлору басып алышкан.

Коом түзөтүү

Салттын негизинде коомдук уюм — уруу башчылары, айылдык жана көп үй-бүлөлүү жамааттар, аталык уруулук уюм; көп аялдуулук, сорорат жана левират кеңири таралган.
Салттуу сокмо үйлөр тик бурчтуу, чатыры (чөп, чий, камыш менен жабылган) бар.
Жыгачтан жана пилдин сөөгүнөн көркөм оюу өнүккөн.

Булактар түзөтүү

https://bigenc.ru/ethnology/text/4716904 Archived 2022-07-11 at the Wayback Machine