Хиазм-стилистикалык каражаттын бир түрү .Көркөм ,сүйлөшүү жана публицистикалык стилдин бейрасмий түрлөрүндө атайын кептик кубулуш катары колдонулат .

Хиазм грекчеден алганда (грек тамгасы Х (хи)+азм мүчөсү ) кайчылаш келген символдук белги дегенди билдирет .Бирдей эки лексикалык бирдиктердин текстте кайчылашып крестик түрдө жайгашуусу хиазм кубулушун түзөт .Ошондой эле эки компоненттин инверсия сыяктуу "аб-ба" схемасында кайталанышы да хиазмдуу фигура болуп саналат .

Байды кул десе,күлкүсү келет ,

Кулду бай десе,өлгүсү келет .(макал )


Жакшы аял жаман эрди эр кылат ,

Жаман аял жакшы эрди жер кылат .(макал)

Мында бай-кул,жакшы-жаман деген сөздөр крест түрдө кайталанды .Мындай типтеги сүйлөмдөр хиазмдуу түзүлүштөгү кайталоолорго мисал боло алат .

Көркөм стилде хиазмдуу түзүлүштөгү кайталоолор кеңири учурайт .Кептин көркөмдүүлүгүн арттырат .

Жакшыдан жаман туулат ,

Бир аяк ашка алгысыз .

Жамандан жакшы туулат ,

Адам айтса кангысыз (Алдаш Белек уулу ."Санат" )

Хиазмдын түрлөрү

түзөтүү

Хиазмдуу түзүлүштөгү кайталоолор кепте ар түрдүү позицияда кездешет.Өз ара колдонулган сөздөрдөгү тыбыштарда ,бир сүйлөм ичинде ,татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр ортосунда ,сөздүн уңгуларында,ыр саптарында (1-2,1-3,1-4,2-3,2-4)кайталанган сөздөр кайчылаш түрдө жайгашат .Ошондуктан хиазмдуу ттүзүлүштөгү кайталоолор колдонуу өзгөчөлүгүнө карай төмөндөгүдөй бөлүнөт :

  • 1.Тыбыштык хиазмдуу түзүлүштөгү кайталоолор .Мында тыбыштар Х түрүндө сөздөрдө кайталанат. Метатеза кубулушуна баш ийген сөздөрдөгү тыбыштар хиазм кубулушунун тыбыштык кайталанышына мисал боло алат .Мисалы : айрыма-айырма ,мыкчы-мычкы ,ынсап-нысап,күнөм-күмөн ж.б. сыяктуулар .
  • 2.Морфемалык хиазмдуу түзүлүштөгү кайталоолор.Сүйлөмдө морфемалык бөлүктөрдү крестик кайталоо менен окурманга таасир берүү .Мисалы :Беш көкүл чачым кулпурат ,досум кулпурган чачты сылап өт ,досум .("Кулмурза менен Аксаткын" ) .
  • 3.Лексикалык хиазмдуу түзүлүштөгү кайталоолор. Көркөм стилдин бардык жанрларында ,оозеки сүйлөшүүдө хиазмдын бул түрү кеңири колдонулат .Сөздөр Х түзүлүшүндө кайталанып,сүйлөмдүн стилистикалык маанисин терең ачып берет . М:Тоо бузулуп түз болду. Түз бузулуп тоо болду (Жеңижок ,"Дүйнө")

4.Синтаксистик хиазмдуу түзүлүштөгү кайталоолор. Сөз айкаштары ,сүйлөмдөр хиазмдуу кайталанат .Сөз чеберлери синтаксистик хиазм аркылуу ойдун стилистикалык дараметин бийиктетет. М:Калкылдайт кара канат ,ала канат

От бүркүп албырттанат чыгыш тарап...

Кылкылдайт ала канат ,кара канат ,

Удургуп куюн улуп батыш тарап .(Т.Сыдыкбеков )

Колдонулган булактар

түзөтүү

1.Романова Н.Н.Филипов А.В.Стилистика и стили :учеб.пособие,словарь.-Москва:Флинта :МПСИ,2006.

2.ОшМУ жарчысы ,N°2–2007,Кожоева Г ,Хиазмдуу түзүлүштөгү кайталоолор .