«Хүжүм» – Совет бийлигинин алгачкы мезгилинде (20-кылымдын 20-жылдары) Орто Азиянын отурукташкан мусулман калкынын аялдарын азаттыкка чыгаруу кыймылы. «Хүжүм» араб, тажик, өзбек тилдеринде «чабуул» дегенди билдирет. Өзбек, тажик аялдары паранжалары менен чачвандарын эл алдында өрттөшүп, жергиликтүү улуттагы аялдарды аймактын коомдук, саясий турмушуна жана социалдык эмгекке катышууга үндөп чыгышкан. «Хүжүм» жөнүндө ураан 1926-жылы сентябрда Орто Азия республиканын аялдарынын 3-аймактык кеңешмесинде көтөрүлгөн. ВКП (б) Орто Азиялык бюросу бардык партиялык уюмдарга «Хүжүмдүн» принциптерин ишке ашырууга милдеттендирген. «Хүжүм» уюму Кыргызстанда өз ишин 1927-жылы март айында баштаган; жер-жерлерде митинг өткөрүү чаралары каралып, Токмок, Ош, Ново-Павловка жана башка болуштуктарда өткөрүлгөн. Митингдердин жүрүшүндө өзгөчө түштүк аймагынын аялдарынын активдүүлүгү белгиленген. «Хүжүмдүн» жүрүшү барган сайын «компаниялык» мүнөзгө өтүп, күч колдонуу методуна көбүрөөк кайрыла башташкан. Мындай саясат жергиликтүү калктын нааразычылыктарын да туудурган. Терс жактарына карабастан, Москвада өткөн Бүткүл союздук кызматчы жана дыйкан аялдарынын курултайында «Хүжүмдүн» иштери колдоого алынган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү