Цин династиясы - 1644-1911-ж. Кытайды бийлеген манжурлардын династиясы; Кытайдагы акыркы монархиялык бийлик.

Цин династиясы Манжурия аймагында (Кытайдын түндүк - чыгышы) 1616-ж. негизделген. Алгач «Цзинь» (Цзинь чжурчжэндердин мамлекети. Алардан манжурлар бөлүнүп чыгып, өздөрүнүн Цин мамлекетин түзгөн), 1636-ж. «Цин» аталган. Кытайдагы саясий абалдын туруксуздугу, борбордук бийликтин начардыгы жана дыйкандардын узакка созулган көтөрүлүштөрүнөн пайдаланып, Цин династиясы алгач Кытайды, кийин Монголияны жана Орто Азияны баш ийдирген. Манжурлар Пекинде өз позициясын жана бийлигин чыңдап, цин тартибин киргизген. Жогорку бийлик органдары менен армияны жетектөө манжурлардын колунда болгон. Түндүк Кытайга бийлигин орноткон соң, Ц. д. коңшу мамлекеттерге кол сала баштаган (к. Кытай). Цин династиясынын бийлиги Синхай революциясынан кийин, 1912-ж. 12-февралда манжурлардын акыркы императору Пу И тактыдан баш тарткандыгына байланыштуу жоюлуп, ханьдардын улуттук мамлекети - Кытай Респ. деп жарыяланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4