Марк Цукерберг

Цукерберг, Марк‎»‎ барагынан багытталды)

Марк Эллиот Цукерберг (англ. Mark Elliot Zuckerberg) 14 майда - 1984-жылы туулган, Уайт-Плейнс, Нью-Йорк штаты, АКШ — Фейсбуктун негиздөөчү жана программист. Калифорниянын Пало-Альто шаарында жашайт. Дүйнө жүзүндөгү эң ири социалдык тармак болгон Фейсбукту негиздегени жана аны жетектегени менен белгилүү.

Марк Цукерберг
англ. Mark Elliot Zuckerberg
Марк Цукерберг (2011)
Төрөлгөндөгү аты:

Марк Эллиот Цукерберг

Туулган датасы:

14 -май 1984(1984-05-14) (39 жаш)

Туулган жери:

Уайт-Плейнс, Уэстчестер, Нью-Йорк АКШ Америка Кошмо Штаттары

Жарандыгы:

 АКШ

Компаниясы:

Facebook

Кызмат орду:

Президент
Башкы мүзүр

Жеке жашоосу түзөтүү

Цукерберг 1984-жылы 14-майда АКШда, Уайт Плейнз шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын энеси Карэн жана Эдвард Цукерберг психотерапевт жана тиш дарыгери болгон. Цукербергдин үч эжеси бар - Ранди, Донна, жана Ариэл.

Бала чагы түзөтүү

Цукерберг кичине кезинен эле компьютер колдонгон жана программаларды жазып баштаган. Анын атасы 1990-чу жылдары Atari BASIC Programming программасын үйрөткөн, кийин программист Дэвид Нюманды Маркты үйрөтүүгө жалдаган. Цукерберг компьютер программаларын жазганга кызыкчу жана оюн программаларын да жазып жүрдү. Жазуучу Хосе Антонио белгилегендей: «Кээ бир балдар компьютер оюндарын ойношсо, Марк аларды түзөт».

Гарварддагы жылдар түзөтүү

Цукерберг Гарвардда окуп баштаганда, программа жазуу тараптан вундеркинд катары белгилүү болгон. Цукерберг экинчи курстун студенти кезинде CourseMatch (КорсМатч) жана Facemash (Фейсмаш) деген программаны ойлоп чыккан. Coursmatch программасы аркылуу студенттер абдан оңтойлуу сабактарга жазыла алышкан, жана башка студенттердин кайсы сабактарды тандап алганын көрүүгө мүмкүнчүлүе түзгөн программа. Ал эми Facemash программасын Марк Цукерберг 2-курстун студенти кезинде сүйлөшкөн кызы менен урушуп кеткен соң жини менен бир түн ичинде иштеп чыккан. Бир нече жатаканада жашаган кыздардын сүрөттөрүн университеттин серверлеринен жашыруун жүктөп алган.

Ал кыздардын сүрөттөрүн он-лайн добушка койгон. Адеп жаныбарлардын сүрөттөрү менен салыштырган. Студенттер кимиси сулуураак экенин он-лайн аныкташкан.Түн ичинде эки саат ичинде 22 миң жолу ал сайттын беттерин ачышкан. Гарварддын ички тармагы иштен чыккан.

Бул жоругу студенттерге абдан жакканы менен Гарварддын администрациясы аркылуу ал айып төлөөгө мажбур болгон.

Фейсбукту негиздөө жана анын максаттары түзөтүү

 
Цукерберг Президент Барак Обама менен кезигүүдө.

Биринчи жолу Фейсбукту жаратуунун демилгеси Филипс Экзетер Академиясы тарабынан келген, ал мектепти Цукерберг 2002-жылы бүтүргөн. Цукерберг Фейсбукту өзүнүн Гарвардагы жатаканасындагы бөлмөсүндө 2004-жылы, 4-февралда биринчи жолу иштеткен. Thefacebook аталган сайт абдан тез популярдуу болуп баштаган анкени бул сайт MySpace социалдык тармагынан айырмаланып минималисттик дизайны жана жарнаманын жоктугу менен айырмаланган. Жалгыз Марк бул сайтты иштеткенге жетише албай турганын билген Цукерберг өзүнүн бөлмөлөш балдарын жумушка алган. Алардын бири Дастин Московиц жана досу Эдуардо Саверин. Булар математик жана программисттер болгон. Биринчи Фейсбук Гарвардда гана иштей баштаган, кийинчерээк Стенфорд, Йель жана башка элитардык университеттеринде иштеп баштаган. 2004-жылдын жазында элитардык университеттеринен дагы тышкары университтерде иштеп баштаган. Экинчи курстун акырында Марк Цукерберг кремний өрөөнүнө, Калифорниянын Пало-Алто шаарына достору менен жай мезгилине кетет. Ал жерге Facebook сайтын иштетүү үчүн барышкан. Цукербергдин командасына Шон Паркер кирет. Бул жигит 21 жашында экенине карабай таланттуу программист жана оратор болгон. Ал Napster деген ырларды бөлүшүү сайтын түзгөн. Шон Паркерди Цукерберг Facebookтун президенти кылып дайындаган. Жигиттер инвесторлорго чыккан жана Facebookта 2004-жылдын акырына чейин 1,5 миллион колдонуучу болот деп 500 миң доллар акча алышкан. Бул акчалардын дээрлик бардыгы серверлерди сатып алууга жумшалган.

Филантропия түзөтүү

Цукерберг аныкталбаган санда еврей диаспорасына акча жардам кылган, өзүнүн ачык булак веб серверин коомдук тармагын кызматка берген. Цукерберг баштоо деген билим фондун негиздеген. 2010-жылдын, 22 сентябрында Цукерберг 100 миллион АКШ долларын Нетворк коомдук мектебине берген.

Кызыктуу фактылар түзөтүү

  • Цукерберг дальтониз болгондуктан кызыл жана жашыл өңдү, көк өңгө караганда айырмалай албайт. Ал эми Фейсбуктун өңү биз билгендей көк түстө.
  • «Симпсондор» мультсериалынын 22-сезонун 2-чи сериясын Цукерберг өзүн өзү үндөгөн.
  • Цукерберг көп сүйлөгөндү жактырбайт. Ал кыска жана так жооп берет.
  • Марк футболка кийип жүргөндү жактырат.
  • 2011-жылдын январь айында белгисиз хакер Марк Цукербергтин Фейсбуктагы баракчасын талкалап кирген.

Facebook жана Марк Цукерберг жөнүндө чыгармалар түзөтүү

2011 жылы "The Facebook Effect: The Inside Story of the Company that is Connecting the World" атту Дэвид Киркпатриктин китеби жарык көрдү. Анын орус тилинде "Эксмо" басмакананын чыгарылган вариантында аталышы "Социальная сеть. Как основатель Facebook заработал $ 4 миллиарда и приобрел 500 миллионов друзей" деп 5000 экземпляр болуп чыккан.

Жогоруда айтылган китепте Марктын үй-бүлөсү жөнүндө бир аз маалымат бар, көбүнчө анын студенттик кэзиндеги окуусу жана бирге окуп жашаган курсташтары жөнүндө көп маалымат берилген.

Автобиографиялык "Марк Цукерберг. Миллиардер в футболке" аттуу китеп 2011 жылы "Книга по Требованию" басмаканасында чыккан. Ал китептин автору Николай Донзанович. Чыгармада бизнесмендин жашоосу, карьерасы жөнүндө баяндалат.

Режиссёр Дэвид Финчер 2010 жылы "Социалдык тармак" (орус. Социальная сеть) аттуу көркөм фильмди тарткан. Ал тасмада Facebook сайтынын пайда болушунун тарыхы көрсөтүлгөн. Бирок негизги каармандардын прототиптери - Марк Цукерберг, Шон Паркер жана Эдуардо Саверин тасмада көптөгөн туура эмес жана ката жерлери бар деп жарыя жасашкан.

Адабият тизмеси түзөтүү

  • Дэвид Киркпатрик "Социалдык тармак"

Шилтемелер түзөтүү