Чигши — байыркы түрктөр колдонгон бийлик титулдарынын бири.

Орхон-Енисей жазууларына тиешелүү 4 ташта (мисалы, Карабалгасун, Терхин, Элегест IV, Чаа-Холь VII) кезигип, мансап даражасы боюнча хандан (хаган) кийин 3, 4 баскыч төмөн турган, башкача айтканда облус, аймактын губернатору же облустагы жооптуу кызмат кишиси чигши деп аталган. Карабалгасун жазуусунда чигши ички-тышкы министрлер жана тутук ― облустун аскер башчысы, генерал-губернатор) менен бир катар эскерилет. Терхин жазуусунда атактуу уруу башчыларын кыйыр түрдө «күлүк чигши», «урунгу-чигши» же алардын жеке ысымына чигши титулу кошумчаланып айтылат. Мисалы, Кутлуг-чигши, Канчу Алп-бильге-чигши ж. б. Орхон-Енисей жазууларында чигшиден тышкары премьер-министрге тете «өге», андан төмөнкү «ынанчу» ― ишенимдүү, «билге» ― акылман, «ириг» ― эрктүү, тырышчаак) сыяктуу мансап титулдары көп кездешет.

Этимологиясы түзөтүү

Окумуштуу-лингвисттер (мисалы, В. И. Кормушин ж. б.) Хан династиясынын тушунда өзгөчө укук берилген өкүл «цэши» деп аталганын же аны түрктөр байыркы кытай тилинен кабыл алганын белгилешет. Е. И. Кычанов чигшини («чжиши») кандайдыр бир тапшырма менен борбордон жер-жерлерге жиберилген өзгөчө чиновник деп эсептеген.

Булактар түзөтүү

Кормушин И. В. Тюркские енисейские эпитафии: грамматика, текстология. М., 2008.