Чога Знабил

Иран Ислам Республикасы

Чога Занбил (چغازنبیل - чога занбил, Дур Унташ) - Элам доорунда б.з.ч. 1250-жылы курулган байыркы ибадаткана. Чога Занбил байыркы Дорувенташ шаарынын калдыктарынын бир бөлүгү, азыркы Шуш шарына жакын Хузестан областында жайгашкан.

Чога Знабил

Бул курулуш 1979-жылы алгачкылардан болуп Иран тарыхый курулушу катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган. Дүйнөлүк коомчулук буга өзгөчө жана жогорку деңгээлде маани берип, баалашат.

Чыгыш таанучулар муну биринчи Ирандын диний курулушу катары билишет.

Жайгашкан жери түзөтүү

Чога Занбил Ирандын түштүк батышында, Хузестан облусунун Шуш шаарында жайгашкан. Бул курулуш Шуш шаарынын түштүк батыш тарабынан 40 км жана байыркы шаардын батыш тарабынан 35 км аралыкта жайгашкан, бирок Дез дарыячасынын батыш тарабынан орун алгандыктан, географиялык негизде караганда Шуш шаарына карайт. Бул курулуштун географиялык узундугу 48 минут 30 секунд жана географиялык жазысы 32 минут.

Тарыхы түзөтүү

Бул ибадаткана Унташ Напириша, байыркы Эламдын улуу падышасы тарабынан Изад Иншушинак (Эламдын кудайларынын бири), Шуштун колдоочусуна сыйынуу максатында курулган.

Чога Занбилде Зиккурат курулушунун географиялык орду Шуш шаарынан 45 километр жана Шуштар шаарынан 35 километр алыстыкта жайгашкан, ал аймакта 7 дөңчө бар. Бул тарыхый курулушка Шуш жолу менен Ахваз шаарына жана ошондой эле Шуштар шаары менен 7 дөңчөнү аралап жетүүгө мүмкүн.

Чога Занбил, бул курулуштун байыркы аты, ал сөз эки сөздөн куралып Чога, дөңчө жана Занбил, корзина деген маанини билдирет. Жогоруда айтылгандай бул аймакта дөңчөлөр көп болгондугуна байланыштуу ушундай аталып калган. Бул аймак археологдор үчүн Дур Унташ деген ат менен таанымал.

Унташ Гул жогорку диний курулушту салууга буйрук берген Эламдын падышасы. Чога Занбил курулушу шаардын орто ченинде жайгашып аймактын деңиз деңгээлинин эң бийик бөлүгү болуп саналат.

Бул Элам падышачылыгынын доорунда ибадаткана катары курулуп кандуу согуштардын натыйжасында Элам цивилизациясы менен чогу жок болуп кыйраган. 1890-жылы Жак де Морган белгилүү геолог өзүнүн докладында Чога Занбил аймагында нефть кени бар деп жарыялаган. Божомолдоолорго ылайык, бул доклад Иран нефть компаниясынын алгачкы негизделишинин себепкери болгон. Андан 50 жылдай өткөн соң, белгилүү инженерлер Чога Занбил аймагынан нефть изилдемекчи болуп кыштарды табышкан. Ал табуу Чога Занбил аймагын кийинки казууларга, жана аймакты кылдаттык менен изилдөөгө түрткү болгон. Канчалаган кылымдар бою аймак топурак астында көмүскөдө катылып турган жана Пахлави падышанын убагында француз изилдөөчүсү Роман Гиршман аркылуу казуулар башталып ачыка чыккан. Казуу иштеринин натыйжасында дүйнө илими анын ичинде байыркы Иран тарыхы толук камтылганы менен, болжол менен 50 жылдай өткөн соң табигый факторлор кароосуз калгандыктан, бир канча зыянга өзгөчө курулуштун жогорку кабаттары бузулууларга дуушар болгон.

Чога Занбил, Иран тарыхый курулуштарынын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталган эң бир асыл баалулуктарынын бири. Кээ бир байыркы тарыхый жазууларда Шуш шаарын Чога Занбил деп да атап келишкен.

Текст түрмөктөрү түзөтүү

Чога Занбилде төмөндөгүдөй текст жазуулар табылган:

  «Мен Унташ Гул: Алтын капталган кыштарды куйдурдум. Мен бул жерге Гул кудайлары жана Иншушинака жашай турган жер салдырып, бул ыйык жерди белеке тапшырдым. Менин кылган иштерим Гул кудайлары жана Иншушинак үчүн белекке берилип, алкабыл алынды».

Көлөмү түзөтүү

Алгачкы курулуштун ачылышы эки кабаттан туруп, 52 метрди түзгөн болсо, азыркы учурда анын 25 метри жана бир кабаты гана сакталып калган. Чога Занбил тарыхый курулушу жер алдында 105 метр квадрат аянтты ээлеп, эки футбол аянтчасындай аймакты өзүнө камтыйт.

Экран алдында түзөтүү

Зиккурат кудайы жөнүндө тартылган кинонун көбүнчө бөлүгү Чога Занбил аймагынын тегерегинде тартылган.

Ошондой эле түзөтүү

Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесинин аймактык жадыбалы

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Чога Занбил долбоору
  • Чога Занбилге жетүү жолдорунун картасы
  • Чога Занбил тарыхый курулуштарынын графикалык пландары
  • Чога Занбил альбомундагы сүрөттөр
  • Чога Занбил ибадатканасынын 3D көрүнүшү
  • Tchogha Zanbil — UNESCO World Heritage Centre

Шитемелер түзөтүү

  • Хузестан жана байыркы цивилизациясы, Афшар Систани
  • Пур Абдалла, Хабибулла. Иран архитектурасындагы жашырын даанышмандык. Шадранг.=
  • Иса Бахнам. Чога Занбил ибадатканасы кандай ачыка чыкты. өнөр жана коом=

Булактар түзөтүү