Манасчы Чоодан 1835-жылы туулган. Түштүктөн чыккан Шаймардан, Матисак Акбай уулу, Бөрүбай Султан уулу, Мурат Көлбай уулу, Калбек Жумагул уулу өңдүү манасчылардын бир тобунун устаты. Манасчылыктын түштүк мектебин түптөөчүлөрдүн бири. Тилекке каршы, анын өз оозунан “Манас” эпосу жазылып алынбаган.
Айтылуу Балык манасчы менен ар дайым карым-катышта болуп, бири-бири менен тажрыйба алмашып турчу дешет. Кудаяр хандын манасчысы болгон деген аңыз да айтылат.

Өмүр баяны түзөтүү

Өз учурунда Чоодан Кудаяр кандын манасчысы болгондугу жөнүндө эл оозунда аңыз айтылып жүрөт. Чоодан өз убагында эпос жазылып алынган эмес, андыктан биз анын жомок айтуучулук салтын, анын жолун уланткан шакирттеринин айтуулары аркылуу билебиз. Белгилүү манасчылар Шаймардан, Матисак Акбай уулу, Калбек Жумагул уулу, Бөрүбай Султан уулу, Мурат Көлбай уулу жана башкалар Чоодан манасчыдан таалим-тарбия алган. Түштүк тобундагы белгилүү жомок айтуучулардын дээрлиги анын таасирин башынан өткөрүшкөн. Чооданлын салттын дагы бир белгилей турган өзгөчөлүгү, Балык жомокчунун чыгармачылык салты менен карым-катышта болгонунда. Анткени, Балык Таласта турганда Чоодан жашап турган Кыргызстандын түштүгүнө такай барып турганы белгилүү, эки залкар манасчынын айтуучулук чеберчилик өнөрү бири-бирине таасир эткен деп божомолдоого болот.