Чоң билгич, Билгич — "Манас" эпосунун каарманы, Кожожаштын баласы. Саякбай Карала уулунун айтуусунда "Кенендеги" кытай баатырларынын бири. Ч. Б. атасы өңдүү эле кара күчү мол, өзүн душмандарынан артыкча өнөргө ээ каарман катары сүрөттөлөт. Чыңтемир өңдүү Ч. Б. да бабасынын ишин улантуучу. Атасы Кожожаш Коңурбайдын айтуусу боюнча улам бир кыргыз баатырын мелжесе, Ч. Б. Коңурбайдын небереси Чыңтемирдин ишенген адамы, кеңешчиси. Буруттун чамасын байкап көрүп, чамасы жете турган болсо алмак болуп, Ч. Б. жанына жүз аяр балбан алып Таласка келет да Сейтектин жылкысын тиет. Артынан кууй келген Акжолтой менен Сейтек согушуп жүрүп отуруп жылкысын ажыратып алат. Балбандарынын баарын бүт кырдырып, катуу жарадар болгон Ч. Б. эптеп кутулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4