Чувашстан

Орусиянын курамындагы республика

Чуваш республикасы, Чувашия — (чуваш. Чӑва́ш Республики́; Чӑва́ш Ен) Орусиянын Европа бөлүгүнүн чыгышында жайгашкан субъект. Түндүгүнөн Марий Эл, чыгышынан Татарстан, түштүгүнөн Мордова, батышынан Нижегород обл. менен чектешет.

Орусия Чуваш Республикасы

Негизги маалымат

түзөтүү

Аянты 18,3 мин км2. Калкы 1,3 млн (2014). Негизинен чуваштар (67,9%), орустар (26,5) жана татарлар (2,8), ошондой эле ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Православныйлар (191 диний уюму бар) басымдуу. Протестанттар (21) жана мусулмандар (13) да бар. Адм.-айм. жактан 21 районго, 9 шаарга бөлүнөт. Адм. борбору - Чебоксары ш. Шаар калкы 57,7%. Ири шаарлары: Новочеркаск, Канаш. Ч. Р. Волга бою федерация округуна караштуу.

Тарыхы

түзөтүү

Анын мамлекеттик бийликтин органдар системасы 2000-ж. кабыл алынган конституциясы тарабынан аныкталат. Чуваш АОсу 1920-ж. 24-июнда, Чуваш АССРи болуп 1925-ж. 24-апрелде түзүлгөн. 1992-жылдын 13-февралынан азыркыдай аталат.

 
Наталия Нарышкина, 18 кылым, Чувашстан.

Климаты

түзөтүү

Табигый шарты калктын жашоосу үчүн жана экологиялык абалы РФтин региондорунун ичинен салыштырмалуу жагымдуу. Чыгыш Европа түздүгүндө, Волганын оң өйүзүндө, Сура жана Свияга д-нын аралыгында өрөөндө жайгашкан. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы -13°С, июлдуку 19°С. Жылдык жаан-чачыны 530-570 мм.

 
Токсово, Светлое көлү, Чувашстан.

Табияты

түзөтүү

Негизги дарыясы - Волга. Чаваш-Вармане улуттук паркы, Присур коругу уюштурулган. РФте машина куруунун бир нече түрүнүн өндүрүшү жана кулмак өстурүү боюнча өзгөчөлөнөт.

 
Чувашстан

Экономикасы

түзөтүү

Региондук дүң продукциясынын структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 37,3, өнөр жайыныкы 25,5, айыл жана токой чарбасыныкы 11,7, курулуштуку 10,1, транспорт менен байланыштыкы 8,8, электр-энергияныкы, газдыкы жана суунуку 6,4. Токуу станокторун чыгаруучу Россиядагы жалгыз респ. Россияда чыгарылган бульдозерлердин 24,6% и Ч-га туура келет. Машина куруу (ири ишканасы - «Промтрактор» ААК; көп профилдүү күчтүү тракторлор, «Элара» өндүрүшү - авионика, байланыш каражаттары, автомобиль электроникалары чыгырылат), тамакаш (кондитер азыктары), металлургия, даяр металл буюмдар, химиялык, нефть-химиялык («Химпром» ААК боёочу каражаттар, пластификатор, полимер өндүрөт), курулуш материалдар, жеңил (трикотаж, байпак-батек буюмдары, кездеме) өнөр жай ишканалары иштейт. Тоют өсүмдүктөрү, дан эгиндери, картөшкө, жашылча айдалат. Кулмак өстүрүү жана аарычылык өнүккөн. Эт-сүт багытындагы мал чарбасы, үй куштары багылат. Автомобиль жолунун уз. (миң км менен) 5,6 (асфальтталган), т. ж-нуку 0,4. Волга менен Сура д-нда кеме жүрөт. Чебоксарыда эл аралык аэропорт бар. Жалпы билим берүүчү 662, баштапкы жана орто 59 окуу жайы, 17 ЖОЖ (а. и. филиалдары жана университет), 7 театр (а. и. музыкалык, куурчак), филармония, музейлер (а. и. сүрөт, этнографиялык, ачык асман астындагы) жана китепканалар (азиздер үчүн да) бар.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4