Чукул туташуу - конструкциянын түзүлүшүндө каралбаган жана анын нормалдуу иштешин бузган, ар түрдүү потенциалдуу электр чынжырындагы эки чекиттин электрдик биригиши.

Нормадагы электр тизмегинде Чукул туташуу болуусу мүмкүн эмес. Чукул туташуу ток өткөрүүчү элементтердин изоляциясынын (обочолонуусунун) бузулушунан же изоляцияланбаган элементтердин бири-бирине механикалык тийишүүсүнүн натыйжасында пайда болот. Ошондой эле жүктөлүүнүн каршылыгы азыктандыруу булагынын ички каршылыгынан аз болушу Чукул туташуу деп айтылат. Үч фазалуу электр тармактарында Чукул туташуунун төмөнкүдөй түрлөрү болот: бир фазалуу (фазанын нейтралдык өткөргүч же жер менен туташуусу); эки фазалуу (эки фазанын тийишүүсү); эки фазанын жер менен туташуусу (эки фаза өз ара же бир убакта жер менен туташат); үч фазалуу (үч фаза өз ара туташат).

Электр машинасында Чукул туташуунун төмөнкүдөй түрлөрү кезигет: ротор, статор же трансформатордун оромдорунун өз ара туташуусу; аба аркылуу өткөн электр чубалгыларындагы өткөргүчтөрдүн жабырланышы жана алардын жер менен туташуусу - ошол чөйрөдө күчтүү электр магнит талаасын жана жакын жайгашкан жабдууларда электр кыймылдаткыч күчүн пайда кылып, анда иштеп жаткан адамдар үчүн коркунуч туудурат, чынжырынын каршылыгын жогорулатуу үчүн үч фазага удаалаш реактор деп аталган индуктивдүү каршылык туташтырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4