Чупан чиркѳѳсү - Ирандын тарыхый курулушу болуп саналып, ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнѳлүк тизмесинде катталган. Бул чиркѳѳ XVI-кылымда курулуп, 1836-жылы калыбына келтирилген. Бул аймак армян койчуларынын отурукташкан айылдары Шам капчыгайынын тегерегинде жайгашкан.

Чиркѳѳнүн имараты тѳрт бурч түрүндѳ, узундугу, туурасы жана бийиктиги 7,7 метрге 5,6 метрди түзүп, ички бети крест сымал кѳрүнгөн кичинекей чиркѳѳ (Chapel) болуп саналат. Негизги кире бериши имараттын батыш бѳлүгүнѳн орун алган жана анын мехрабы чыгыш тарабына курулган. Чиркѳѳнүн курулушуна кеткен материалдар таш жана топурак аралашмасы, ал эми ички дубалдары кыш менен тургузулган. Чиркѳѳнүн курулушунда ар кандай таштарды жонуу жана кесүү иштери колдонулган эмес. Чиркѳѳнүн кичинекей күнбѳтү тегерек түрүндѳ салынып, үстүнѳ тѳрт тарабынан тѳрт жарык түшүрүлгѳн. Чиркѳѳнүн батыш тарабында тарыхый калдыктар жана башка талкаланган калдыктар бар. Алар болжол менен чиркѳѳнүн байыркы бѳлүгү болгон. Чиркѳѳнүн айланасында таштан жасалган кресттерди сактап калуу максатында кѳбүнчѳсүн Тебризге алып барышкан.

Чупан чиркѳѳсү чек аралаш Жулфа шаарынын батыш тарабында, Аракс дарыясынын жээгинде жана Чыгыш азербайжан облусунда жайгашкан. Болжол менен Жулфанын батыш жагындагы Жулфа жана Аракс дамба жолунан 5 километр алыстыкта кызыл түстүү чѳкмѳ тоо кыркасынан орун алып, табияттын ажырагыс бир бѳлүгү болуп саналат. Бул чиркѳѳ, ошол аймактагы кой кайтарган адамдар, талаада жүргѳндѳ малын таштап Шам капчыгайындагы айылдарга түшүп келип сыйынбаш үчүн, 1518-жылы курулуп, аты да болжол менен ошого ылайыкташып коюлган. Чиркѳѳнүн сырткы катмары таштар менен тизилген жана кийинчерээк оңдоо иштери жүргүзүлгѳн. Чиркѳѳнүн ичи абдан кичинекей болгодуктан, ичине он адамдан ашык адам батпайт. Чиркѳѳнүн куполдору кайчылаш түрдѳ коюлган.

Шилтемелер түзөтүү