ЧуңкурчакАламүдүн районундагы суу, Аламүдүн суусунун сол куймасы.
Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы Шопоков мөңгүсүнөн башталат. Узундугу 18 км, алабынын аянты 97 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2360 м. Суу жогору жагында колот аркылуу агат; ортоңку бөлүгү жазыраак. Аламүдүнгө чыга берген жери кууш келет.

Алабындагы кооз «Көгүчкөнбулак» шаркыратмасы шаардыктардын сүйүктүү эс алуучу жайы.
Жылдык орточо чыгымы 0,77 м3/сек, эң көбү май – июнда, эң азы январь – февралда байкалат.
Алабы жайыт. Аламүдүнгө куя беришинде балдар эс алуучу жай жана дачалар жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү