Чыгармачылык тарых. Көркөм чыгарманын адеп пайда боло баштагандан тартып, анын акыркы бүткөн текстине чейинки автордун чыгармачылык пландарынын өзгөрүшү, улам бара-бара такталышы, ар түрдүү варианттардын жазылышы чыгармачылык тарых деп аталат.

Чыгармачылык тарых үйрөнүү автордун ар түрдүү мезгилдеги чыгармачылык изденүүлөрүн, идеялык-көркөмдүк максатынын өзгөрүштөрүн аныктоого жардам берет. Маселен алсак, К.Баялиновдун «Бакыт» повести. Мында автор өзүнүн мурдагы чыгармачылык планын бир кыйла кеңитип, кийин жарыкка чыккан «Көл боюнда» деген чыгармасында жаңы каарманды, аларга байланыштуу жаңы идеялык мотивдерди киргизгенин көрөбүз. Ошондой эле Т. Сыдыкбеков өзүнүн «Кең-Суу» романын кайрадан оңдоп жазууда өз учурунда чыгарманын сюжеттик негизине кирбей калган турмуштук материалдардын негизинде мурда иштелип өнүкпөй калган образдарды «Тоо арасында» романында күчөтүү менен бирге аны жаңы образдар менен толуктап, чыгарманын идеялык көркөмдүк деңгээлин бир кыйла жогорулатты. Ошентип, чыгармачылык тарыхты изилдөө бир гана чыгарманын жазылыш тарыхын аныктоого жардам бербестен, ошону менен бирге жазуучунун бүткүл чыгармачылык жолундагы процесстин татаал учурларын белгилөөгө негиз берет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү