Чычкан өрөөнү - Талас Ала-Тоосу менен Суусамыр кырка тоосунун аралыгында Чычкан суусунун агымы боюнча түндүктөн түштүккө созулуп жатат. Аянты 1150 км2. Узундугу 63 км, туурасы баш жагында 1,5–2 км, ортоңку бөлүгүндө (Итагар куйган жерде) 0,3–0,5 км, Кетментөбөгө чыга беришиндеги төмөнкү бөлүгүндө 2–3 км. Деңиз деңгээлинен 1000–2800 м бийиктикте жатат. Тегерегиндеги тоолор өрөөндүн таманынан 1500–2800 мге көтөрүлөт. Капталдары тик (40–70°), аскалуу; палеозойдун гранит, чополуу сланец, мрамор, акиташ, кумдук, өрөөндүн төр жагынын таманы төртүнчүлүк мезгилинин чөкмө тектеринен турат. Чычкандын төрү байыркы мөңгүнүн аракетинен түзүлгөн тепши сымал өрөөн, ортоңку бөлүгүндө тоолор көтөрүлүп, суунун жеп кетишинен пайда болгон V формасындагы капчыгай, төмөн жагы кеңейип, тектирлердин комплексинен турат. Климаты континенттик. Июлдун орточо темпрасы баш жагында 3,9°С, төмөн жагында 20°С, январдыкы — 18°...— 14,2°С. Жылдык жаан-чачыны 330–630 мм. Өрөөн аркылуу Чычкан суусу агат; анын куймалары — Итагар, Козужар, Арым, Данке, Корумдусай (оң), Күйүкбулак, Алабел (сол). Ландшафты бийиктик боюнча өзгөрөт: карбонаттуу ачык коңур топурактуу жарым чөл (1000–1600 м бийиктикте; шыбак, эфемер, баялыш жана башка өсүмдүктөр өсөт), кара коңур топурактуу талаа жана шалбаалуу талаа (1600—2200 м; кызылот, түктүү буудайык, аюучач, чайыр жана башка), каралжын күрдүү топурактуу арча-карагайлуу сейрек токой (2200–3000 м), субальп шалбаасы, шалбаалуу талаа, жапалак арча (3000—3500 м), альп шалбаасы жана шалбаалуу талаа (3500–4000 м), гляциалдыкнивалдык зоналары (4000 мден жогору). Чүй өрөөнү аркылуу ЛЭП—500 электр линиясы жана Бишкек — Ош автомобиль жолу өтөт. Өрөөн – республикадагы кооз жерлердин бири.

Чычкан өрөөнү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү