ЧычканТалас Ала-Тоосунун түштүк капталындагы Түз ашуусу чендеги майда булактардан башталган суу, башы Туюктөр аталат. Жогорку агымында жайык, ортоңку жана төмөнкү бөлүгүндө кууш өрөөн аркылуу агып, Токтогул суу сактагычына куят. Узундугу 78 км, алабынын аянты 1290 км2. Чычкан өрөөнү токойлуу келип, Кыргызстандагы кооз жерлердин бири. Өрөөнүндө гидрометеорологиялык жана көчкүнү изилдөөчү станциялар болгон. Жылдык орточо чыгымы 19 м3/сек. Эң көп чыгымы июнда (72,7 м3/сек), азы мартта (0,80 м3/сек) байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат.

Чычкан
Мүнөздөмө
Узундугу 72 км
бассейндин аянты 1 290 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу

Ири куймалары: Ит-Агар, Арым (оң), Балачычкан, Терисай (сол). Сугатка пайдаланылат. Чатына жакын Токтогул шаарчасы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү