Чөлдөшүү - чөлдүн аянтынын ага чектеш жаткан аймактардын эсебинен кеңейүүсү.

Чөлдөшүү (Арал деңизи).
Чөлдөшүү (Марокко‎).

Чөлдөшүү табигый себептерге да байланыштуу болушу мүмкүн (мис., климат менен агымдын циклдык өзгөрүүсүнөн мезгил мезгили менен кургакчылык болот), бирок, негизги роль антропогендик фактор - чөлдөргө чектеш жерлердеги токойлорду (курулушка, отун ж. б. муктаждыктар үчүн) кыюу, өсүмдүктөрдү таптап жок кылуу (малды көп жаюудан) ж. б. табиятка терс таасирин тийгизип, чөлдөрдүн кеңейишине алып келет. 20-кылымдын 70-жылдарында жыл сайын 6 млн гектарга жакын жер (а. и. 3,2 млн га жайыт, 2,5 млн га иштелип жаткан жер, 125 миң гектарга жакын сугат жер) чөлгө айланып кеткен.

Илимпоздордун пикири боюнча чөлдөшүү азыркы темп менен өсүп отурса 2010-жылдарда Жер шарындагы чөлдөрдүн аянты 20%ке кеңейиши ыктымал (негизинен Африкада). Эл аралык кызматташуу аркылуу гана чөлдөшүүнү токтотууга мүмкүндүк болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2