Чөп ооз – бирөөнүн жерине мал баккандыгы үчүн төлөнүүчү салык. Жайыттын тартыштыгынан кээ бир уруулар, айрыкча майда уруулар, башка уруулардын жайытына мал жайууга уруксат сурашкан. Акысына малдын түрүнө, санына жараша салык төлөшкөн.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.