Салыкюридикалык жана жеке жактардан бюджетке жана бюджеттик эмес фондуларга алынуучу милдетгүү түрдөгү төлөмдөрдүн тутуму.

Алардын өлчөмү жана мөөнөтү мыйзам чегинде аныкталат. Бул мамлекетке салык төлөөчүлөрдөн жыйналган (түшкөн) акча катыштарын туюнтат.

Салыктар төмөндөгүдөй негизги эки функцияны аткарат: биринчиси, салык салуунун максатына байланыштуу ишканалар жана жарандар (ошонун ичинде чет элдиктер) менен өз ара карым-катнаштарын жонго салып туруучу экономикалык рычагы, экинчиси, бюджеттин киреше бөлүгүн калыптандыруучу жана толуктоочу негизги булагы.

Салыктар ич ара төмөндөгүдөй ажырайт: түз Салыктар -булар кирешеге жана мүлккө (мис., кыймылсыз мүлккө салык, жер салыгы, табигат ресурстарын пайдалангандыгына салык, пайдага салык ж.б.) салынат; кыйыр Салыктар - бул жасалган жумуштар, тейлөөлөр үчүн сатып алуучулар төлөөчү үстөк түрүндө товарлардын баасына кошулган салык (акциздер, кошумчаланган наркка салык, күйүүчү отунга салык), ошондой эле айыл чарба продуктуларын өндүрүүчүлөргө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекеттин бюджеттик эмес фондуга жана ведомстволук турак-жай фондусун кармап туруу боюнча чыгымдарды каржылоо үчүн бюджеттик эмес фондуга чегерүү.

Салыктартардын жана чегерүүлөрдүн өзгөчө тобун төлөмдөр түзөт да, аларды алуунун объектиси катары эмгек акы фондусу саналат (чукул салык, мектепке чейинки балдар мекемелерин кармап турууга чегерүү, калкты социалдык жактан коргоо фондусуна жана жумуш орундарьт менен камсыз кылуу фондусуна чегерүүлөр). Салыктартардын, чегерүүлөрдүн жана жыйымдардын (салык формасына ээ болгондордун) баарысы уч топко бөлүнөт: продукцияларды сатуудан (жумуштар, тейлөөлөр) түшкөн акчанын эсебинен төлөнүүчү төлөмдөр; продукциянын өздүк наркына кошулуучу төлөмдөр (жумуштар, тейлөөлөр) жана баланстык пайдалардан төлөнүүчү төлөмдөр (кыймылсыз мүлккө салык, товар айланымынан түшкөн пайдага салык, кирешелерге салык).

Өнүмдүн өздүк наркына кошулуучу төлөмдөр өз кезегинде төмөндөгүдөй топчолорго бөлүнөт: эмгек акы фондусунан кармалуучу Салыктар жана чегерүүлөр — чукул салык, калкты социалдык жактан коргоо фондусуна чегерүүлөр ж.б.; жол фондусуна чегерүүлөр — транзиттик салык, автожолду жана автотранспортгу пайдалануу боюнча кирешелерден түшкөн каражаттарды жол фондусуна чегерүүлөр; калган дагы башка Салыктар жана чегерүүлөр — жерге салык, табигат ресурстарын пайдалангандыгына салык, мамлекеттик өрт өчүрүү мекемелерин кармап турууга жыйым; ведомстволук фондуларга чегерүү - борборлоштурулган инвестициялык фонду, илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук иш, тармактык жана тармак аралык фондулары жана илимди арбын талап кылуучу продукциялардын жаңы түрлөрүн өздөштүрүү фондуларына. Өзүнүн ишин юридикалык тарапсыз эле ишке ашырып жүргөн жеке ишкерлер бардык Салыктар жана чегерүүлөрдүн ичинен төмөндөгүлөргө төлөйт: акциздерге, кошумчаланган наркка, отунга, кыймылсыз мүлккө, эмгек акыга (жеке инсандардын айлыгына) салык, экологиялык, транзиттик салык, мамлекеттик бажылык акы (төлөм), жерге толомдор, калкты социалдык жактан коргоо фондусуна жана жумуш оруну менен камсыз кылуу фондусуна чегерүүлөр. Тийиштүү бир эле мезгилде бир объектиге салынган салыктын бир эле түрүнөн бир гана жолу алынары иш-аракеттеги мыйзамда алдын-ала каралган. Ошону менен бирге бир эле объектке ар кандай Салыктар жана жыйымдар салынышы мүмкүн. Мис., эмгек акы фондусу - ишканалар үчүн үч төлөмдүн (мектепке чейинки мекемелерди кармап турууга, социалдык жактан коргоо жана жумушчу орунун камсыз кылуу фондуларына) объектиси болуп саналат. Социалдык жактан иш коргоо жана жумушчу орунун камсыз кылуу фондусуна чегерүүлөрдүн өлчөмү салыктык төлөмдөрдүн ар кандай түрү катары саналуу менен бирге, өз кезегинде кошумчаланган нарктын курамына киргизилет да, дагы бир жолу салык кармалат.

Иш-аракеттеги салык тутуму али тиешелүү туруктуулукка жете элек. Андыктан анын функцияларын жонго сапуу жана ургаалдаштыруу багытында бир катар өркүндөтүүнү талап кылуучу иштер али арбын.

Булактар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8