Шалтаев, Болот
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Шалтаев, Болот
Туулган жылы: 1935-жыл
Туулган жери: Шалта айылы, Сокулук району, Фрунзе облусу, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 1979-жыл
Өлгөн жери: Фрунзе шаары, Кыргыз CCРи
Сөөгү: Шалта айылынын көрүстөнүнө коюлган, Сокулук району, [Чүй]] облусу, Кыргыз ССРи
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр артисти
Наамдары: Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1957-1979-жылдар
Театр: Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры

Шалтаев, Болоттеатр артисти.

Өмүр баяны жана чыгармачылыгы түзөтүү

Болот Шалтаев орто мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театр өнөрү институтуна (ГИТИС) окууга өтөт.
Институтту 1957-жылы ийгиликтүү аяктап келип, курсташтары А.Кыдырназаров, С. Далбаев, А.Өмүралиев, А.Усупбеков, З.Молдобаева ж.б. менен Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрына кызматка аланат.
Ушул театрда Б.Шалтаев өмүрүнүн акырына чейин ийгиликтүү эмгектенген.
Кыргызга таанымал артист Жамал Сейдакматованын жубайы болгон.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Болот Шалтаев Кыргыз драма театрында ар түрдүү пландагы ролдорду чыгармачылык эргүү, өзүнө гана таандык индивидуалдуу өзгөчөлүк менен аткарган, кийинки муун кумир туткан өтө таланттуу актер болгон.
Анын өзүн сахнада “шамалдай” алып жүргөнү, күчтүү темпераменти , башкаларга окшобогон үнүн өзгөчө тембри, артисттик техниканы укмуштай пайдалана билгени көрүүчүлөргө катуу таасир эткен.
Б.Шалтаевдин кыргыз театрынын тарыхына кирген, этаптуу ролдорунун бири англиялык улуу драматург В.Шекспирдин “Азоого чалма” комедиясындагы Петруччионун ролу.
Бул спектаклде ал жубайы Жамал Сейдакматова экөө сахнада өнөк болушуп, бирге ойношкон. Ж.Сейдакматова бул оюнда Катаринаны аткарган.
Бул ролго удаа эле Б.Шалтаев дагы бир “жылдыздуу роль” ойнойт. Ал Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат” драмасындагы Б.Шалтаев жараткан Шамурдун эстен чыккыс образы.
Айрыкча Б.Шалтаев ойногон, башкырт акыны жана драматургу Мустай Каримдин “Ай тутулган түндө” трагедиясындагы Думанасы, кыргыз актердук мектебинин хрестоматиясына кире турган өтө таланттуу жаралган образдардан болуп саналат.
Б.Шалтаевдин өзгөчө тембри менен кыргызчага которулган ондогон фильмдер кыргыз элине таанымал болгон.

Театрдагы негизги ролдору түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Чүй облусу, энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.

Интернет шилтемелер түзөтүү