Шарп — капыстан кармаган жугуштуу оору.

Ооздун жабыркануусу

Белгилери жана ооруну козгоочулар түзөтүү

Мында оорулуу ысытма, ооздун, тилдин, мурундун былжыр кабыкчаларында, ошондой эле колдун салааларында, тырмактын тегерегинде жарачалар (афт) пайда болот. Шарпты вирус козгойт. Ал малдын жүнүндө, жемчөптө бир айга чейин сакталат. Күндүн нурунан, 60° жана андан жогору ысытканда, дезинфекциялоочу заттардын таасиринен тез өлөт. Ооруну кемирүүчүлөр (чычкандар, келес, сары чычкандар), ошондой эле сайгактар таратат; көбүнчө ача туяктуулар (уй, кой, эчки, чочколор жана башкалар) ылаңдайт. Мал ылаңды жайыттан, мал сарайдан жугузуп алышат. Оорунун козгогучу булганган кашек, жем-чөп, кык жана суу аркылуу тарайт.


Ылаңдуу мал жем-чөп жей албай, оозунан шилекейи куюлат. Ооздун былжыр челинде көп майда ыйлаакчалар пайда болот. Ыйлаакчалар бат эле жарылып, жарага айланат. Вирус ылаңдуу малдын заңы, заарасы, шилекейи жана сүтү менен сыртка бөлүнүп чыгат. Кишиге ылаңдуу малды бакканда, чийки сүттү ичкенде жана андан даярдалган сүт азыктарын жегенде жугат. Сүттү кайнатканда же пастерлегенде вирус тез зыянсыздандырылат. Ачыган сүт, кефир, ацидофиль, быштак, каймак-май жана ылаңдуу малдын чийки сүтүнөн даярдалган азыктарда вирус көпкө сакталбайт. Вирус кишиге ооздун былжыр чели, айрым учурда дем алуу органдары жана жабыркаган тери аркылуу кирет. Вирус адамдын денесине киргенден кийин 2—12 күнгө чейин оору билинбейт. Оору капыстан башталат, башы, булчуңдары ооруп, калтырак басат, денеси ысыйт (38—39°ка чейин). Мындан көп өтпөй эрин, тил, ооз, жаактын былжыр кабыкчаларында, кол-буттун манжаларынын арасында суюктук толгон ыйлаакчалар пайда болот. Ооздон шилекей куюлуп, сүйлөгөндө, чайнаганда, жутканда ачышып ооруйт. Ыйлаакчалар жарылып жара (афт) пайда болот. Алар 10—14 күндө толук айыгат. Оору 15—20 күнгө созулуп, толук сакаюу менен аяктайт.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоону дарыгер жүргүзөт. Оорулуу күнүнө 5—6 жолу аз-аздан белокко, А, С витаминдерине бай тамакты (эт, балык, быштак, каймак, май, сабиз, карагат) ичүү сунуш кылынат. Өткүр, куурулган, туздалган азыктарды, консерваларды, ичимдиктерди колдонууга болбойт. Тамак ичкенден кийин, оорулуу оозун марганцовканын мала кызгылт эритмеси, 3%түү суутектин өтө кычкылы менен чайкаса жакшы болот. Шарп чыккан чарбаларда карантин уюшулат. Ылаңдуу малды өз убагында аныктап, өзүнчө бөлмөлөргө бөлүп, дезинфекция жүргүзүлөт. Элдин арасында санитариялык-агартуу иштери уюштурулат.