Ысытма — айрым ооруларга организмдин коргонуу реакциясы.

Организмге оору чакыруучу агенттердин тийгизген таасиринен жылуулукту жөнгө салуу бузулуп, дене ысыйт. Ысытма жугуштуу жана жугушсуз ооруларга (уулануу, аллергия жана башкалар), микробдун, алардын уусунун, бөтөн белоктун жана башкалар таасирине жооп катары пайда болот. Айрым учурда нерв учтары катуу дүүлүккөндө, борбордук нерв системасы жабыркаганда, нервге доо кеткенде да болушу мүмкүн. Ысытма реакциясы 3 стадияга бөлүнөт. Биринчисинде температура жогору көтөрүлүп, денеде жылуулук пайда болуу көбөйүп, аны сыртка аз берет.

Оорулуу үшүп, чыйрыгат. Экинчисинде температура калыптанып, жылуулук берүү жана чыгаруу теңелет. Үчүнчүсүндө жылуулуктун пайда болуусунан аны берүү көбөйөт. Температура акырындык менен (лизис) же тез (кризис) түшөт. Температура тез түшкөндө четки кан тамырлардын тез кеңейишинен артерия кан басымы өтө төмөндөшү мүмкүн. Ысытма көп учурда оору козгогучка тескери таасир берет. Ысытмада зат алмашуу өзгөрүп, белоктун бөлүнүүсү кыйла көбөйөт, айрым органдардын жана борбордук нерв системасынын функциясы бузулат (көңүлү караңгылайт, жөөлүйт, көзүнө ар нерсе көрүнөт), жүрөктүн кагышы жана дем алуу тездейт, ичеги-карындын, теринин функциясы өзгөрөт (тердейт).

Дене температурасынын көтөрүлүү жана түшүүсүн график түрүндө жазуунун диагнозду тактоодо мааниси чоң. Мисалы, безгекте температура кескин жогорулап, ошондой эле кескин түшөт. Сепсисте да бир сутканын ичинде дене температурасы өзгөрүлүп (35°тан 41°ка чейин) турат. Ал эми өпкө сезгенгенде дененин ысышы (39—40°) бир топ убакытка чейин түшпөйт. Температуранын узак жана өтө жогору көтөрүлүшү денеге зыян келтириши мүмкүн. Дененин ысышын жасалма түшүрүүнүн кажети жок, ал тургай зыяндуу болуп калышы да мүмкүн. Ошондуктан врачтын кеңешисиз дененин ысышын төмөндөтүүчү каражаттарды көп колдоно берүүгө болбойт.


Колдонулган адабият

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8