Шахзода
Шахзода (өзб. Shahzoda, нукура ысымы — Зилола Баходыровна Мусаева, өзб. Zilola Bohodir qizi Musayeva; төр. 28-июль, 1979) — Өзбекстандык ырчы жана актриса.
Шахзода
Shahzoda | |
Негизги маалымат | |
---|---|
Төрөлгөндөгү ысымы |
Мусава Зилола Баходыровна |
Туулган датасы | |
Туулган жери | |
Өлкө | |
Кесиптери | |
Жанрлары | |
Активдүү жылдары |
2000 — азыркы учурда |
Жамааты |
"Жоним" |
Сыйлыктары | |
shahzoda.uz |
Өмүр баяны
түзөтүүШахзоданын өз аты-жөнү – Зилола Мусаева. Ал 1979-жылы 28-июлда Ташкент шаарында төрөлгөн. Атасынын аспирантурада окугандыгына байланыштуу 1980-1987-жылдар аралыгында Москва шаарында жашаган. Атасы аспирантураны аяктаган соң кайрадан Ташкентке келишип, Зилола мыкты деген мектептердин бирине кирген. Музыкага шыгы бар кызга ата-энеси мектеп жашынан баштап жеке мугалим жалдашып, вокал боюнча сабак алдырышкан. 1997-жылы мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Киев эл аралык Университетинин менеджмент факультетине тапшырган. Бирок, жандүйнөсүндө жашаган музыка күчтүүлүк кылып, окуусун таштап кетүүгө мажбур болгон. Зилоланын мектептен берки жакын курбусу Нателла өз мекенинде белгилүү аранжировщик, акын жана композитор Вагиф Закировдун жубайы экен. Вагиф кыздарга “Жоным” (кырг. "Жаным") - аттуу топ түзүүнү сунуштайт да, “Утиб кетади” кырг. "Өтүп кетет" - деп аталган альбом чыгарганга жардам берет. 1999-жылы «Жоним» (кырг. "Жаным") - аттуу топ түзүп, алгачкы эки айдын ичинде эле биринчи альбомун чыгарууга жетишкен. 2001-жылы “Тарона Рекордс” компаниясы менен келишим түзгөн ырчы жаңы “Шахзода” деген ысым менен чыгууну чечет.Бир топ өзбек фильмеринде роль жараткан. Шахзода “2003-жылдын мыкты ырчысы”, “2004-жылдын мыкты альбому”, “2005-жылдын мыкты ыры” номинацияларында жеңүүчү болгон. “Бор экан“, “Бахт булади“, “Керагимсан“, “Бахтлиман“, “Ассолом алейкум” деген альбомдорун чыгарып, учурда дагы бирөөсүнүн үстүндө иштөөдө. Атасы Мусаев Бахадыр – философия илимдеринин доктору, апасы Мусаева Майя – орус тили жана адабияты сабагынан мугалим, иниси Мусаев Эркин – жеке ишмер.
- Bahodir Musayev
- Mirihta Musayeva
- Jamila
- Erkin Musayev Bahodirovich
- Solih
- Holid Yo'ldoshev Ravshanbekovich
- Ravshanbek Yo'ldoshev Jumanazarovich
- Lola Yo'ldosheva Ravshanbekovna
- Shahinabegim Shohruhovna
- Shohdiyor Shohruhovich
- Shohruh
- Gulnora Yo'ldosheva Shamilevna
- Rustam Yo'ldoshev Ravshanbekovich
- Anora Yo'ldosheva Ravshanbekovna
- Asal Yo'ldosheva Ravshanbekovna
Музыкалык альбомдору
түзөтүүжыл | Альбом (Өзбекче) | Альбом (Кыргызча) |
---|---|---|
2002 | Bor ekan | Бар экен |
2004 | Baxt boʻladi | Бакыт болот |
2004 | Keragimsan | Керегимсиң |
2005 | Baxtliman | Бактылуумун |
2007 | Assalomu alaykum | Ассалоому алейкум |
2009 | Sevgi bor | Сүйүү бар |
2009 | Unutmadim | Унутпадым" |
2010 | Tilayman | Тилеймин |
2011 | Qora koʻzlaring | Кара көздөрүң |
2013 | Bu muhabbat | Бул махабат |
2014 | Sen Menga Kerak | Сен Мага Керек |
2015 | Rahmat hayot | Рахмат жашоо |
Фильмография
түзөтүүЖыл | Аталышы ( өзбекче) | Роль |
---|---|---|
2000 | Tohir va Zuhra yangi talqin | Зухра |
2004 | Sevinch | Наргиза |
2004 | Xavfli burilish | Шахзода |
2004 | Sarvinoz | Сарвиноз |
2006 | Fotima va Zuhra | Зухра |
2006 | Voy dod sumalak | Зилола |
2007 | Zumrad va Qimmat | Зумрад |
2010 | Majruh | Севара |
2011 | Nafs | Шахзода |
2012 | O Maryam, Maryam | Марьям |
2016 | Sharofatxonning kelinlari yoxud navro′z muborak | Шахзода |
Дискография
түзөтүүВидеография
түзөтүүСыйлыктары
түзөтүүЖеке жашоосу
түзөтүүШахзоданын турмуш ортогу бар,Учурда эки уулдун энеси: чоңу - Салих биринчи турмушунан, кичинеси - Халид экинчи турмушунан, Равшан Юлдашев( Ырчы Лола Юлдашеванын агасы)