Шахрух Кхан
Шахрух Хан (хинди शाहरुख़ ख़ान, урду شاہ رخ خان, [ʃaːɦ.ɾʊx.xaːn], англ. Shahrukh Khan; ошондой эле Шах Рукх Кхан) — Индиялык киноактёр, продюсер жана алып баруучу. Актёрдун өз аты Shah Rukh (актердун айтымында бөлөк жазылат) — персид тилинде “хандын багыты” же “хандын жүзү” (Shah — хан же ханзаада, Rukh, Rukhsar — жүз же бет. Rukhтун дагы бир мааниси — багыт, ошол багыт менен баруу деген мааниде) дегенди түшүндүрөт.
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: | |
Жарандыгы: | |
Кесиби: | |
Карьерасы: |
1988 — азыркы учурда |
Сыйлыктары: | |
IMDb: |
Өмүр баяны
түзөтүүШах Рух Кхан 1965-жылдын 2-ноябрында Нью-Делиде туулга. Тутунган дини – ислам. Эжеси Шехназ, атасы Тадж Мухаммад Кхан, Индиядагы белгилүү адвокат (эркиндик үчүн күрөшүүчү), Нью-Делиге Пешаварадан Индия болуп бөлүнө электе көчүп келишкен. Апасы Фатима өзү Равалпиндиден болот, азыркы Пакистан. Шах Рух Хан Нью-Делидеги мектептердин биринен бүтүргөн. 1988 жылы Дели университетинин колледжинде экономика адистигинде окуган. Андан соң университеттин магистратурасында “Массалык коммуникация” адистигин бүтүргөн. Бирок актёрлук кесипти жактаган. Ата-энесинин өлүмүнөн кийин, 1991-жылы, Мумбайга көчүп келген. Ошол эле жылы 25-октябрда Шах Рукх индус кызы Гаури Чибберге үйлөнөт. Хандын өзүнүн айтымында мусулман боло туруп, жубайынын туткан динин сыйлайт. Экөө 1997-жылы 13- ноябрда Арьян аттуу уулдуу болушат, 2000-жылы 23- майда Суханна аттуу кыздуу болушат.
Чыгармачылыгы
түзөтүүКхан алгачкы жолу актер катары 1988-жылы телеберүүдөн чыгат. Бир нее телесериалдарда ойногон. Болливуд жайгашкан Мумбайга көчүп келгенден кийин киного тартыла баштайт. Алгачкы ролун 1992- жылы “Акылсыз сүйүү” фильминде аткарган. Бул ролу үчүн индиялык кино тууралуу «Filmfare» журналынын мыкты дебют сыйлыгын алган.
1993- жылы “Коркунучтагы өмүр” жана “Өлүм менен ойноо” деген фильмдерде терс каармандардын ролун аткарат. Өч алуу үчүн өзүнүн дос кызын өлтүргөн каармандын ролун аткаргандыгы үчүн «Filmfare» журналынын мыкты башкы роль сыйлыгынын ээси. Экинчи сыйлыгын 1995-жылы «Уурдалбаган келин” фильминдеги ролу үчүн алган. Бул тасма кинотеатрлардан 12 миллиард рупий чогултуп, индия тасмаларынын эң кирешелүүсү аталган.
Шахрух Кхандын ийгиликтүү ролдору анын Болливуддагы эң суроо-талаптуу актер болушуна лып келет. Жада калса жылына 5-6 тасмага түшүшкө үлгүрөт. 2007- жылы “Алга, Индия” тасмасында чөп үстүндө хоккей оюну боюнча кыздар командасын даярдаган тренердин ролун мыкты жараткан. Боллувуд жылдыздарынын арасында сыйлыктары боюнча Дилип Кумар гана Шахрук Кхандан алдыда. Шахрук дүйнөдөгү белгилүү актерлордун катарында.
Анын жаңы тартылган тасмаларынын бири – “Менин атым Кхан”. Мында Шахрух Аспергер синдромунан жабыркаган мусулмандын ролун жараткан. 2001- жылдын 11-сентябрында АКШда болуп өткөн террористтик кол салуудан кийинки окуялар чагылдырылат.
Тасмаграфия
түзөтүүЖыл | Кыргызча аталышы | Орусча аталышы | Түпнуска аталышы | Ролу |
---|---|---|---|---|
1988 | Жаңы келген | Новобранец (сериал) | Fauji | Abhimanyu Rai 1 |
1989 | Злоключения Энни (ТВ) | In Which Annie Gives It Those Ones | Senior | |
1989 | Цирк | Цирк (сериал) | Circus | |
1991 | Идиот (ТВ) | Idiot | Pawan Raghujan | |
1992 | Акылсыз сүйүү | Безумная любовь | Deewana | Raja Sahai |
1992 | Чары колдовские | Chamatkar | Sunder Srivastava | |
1992 | Танцовщица кабаре | Dil Aashna Hai (…The Heart Knows) | Karan D. Singh | |
1992 | Мечты джентльмена | Raju Ban Gaya Gentleman | Raj Mathur 'Raju' | |
1993 | Майа айым | Госпожа Майя | Maya | Lalit |
1993 | Первое очарование | Pehla Nasha … | играет самого себя | |
1993 | Өлүм менен ойноо | Игра со смертью | Baazigar | Ajay Sharma/Vicky Malhotra |
1993 | Коркунучтагы өмүр | Жизнь под страхом | Darr | Rahul Mehra |
1992 | Влюбленный король (фильм) | King Uncle | Anil Bansal | |
1992 | Сезон любви | Kabhi Haan Kabhi Naa | Sunil | |
1993 | Өжөрлүк | Каприз | Anjaam | Vijay Agnihotri |
1994 | Самоотверженная любовь | Guddu | Guddu Bahadur | |
1995 | Уурдалбаган келин | Не похищенная невеста | Dilwale Dulhania Le Jayenge | Raj Malhotra |
1995 | Каран жана Аржун | Каран и Арджун | Karan Arjun | Arjun Singh |
1995 | Кудай билет | Бог знает | Ram Jaane | Ram Jaane |
1995 | Время сумасшедших влюбленных | Zamaana Deewana | Rahul Singh | |
1995 | Кымбатым, бул Индия | Дорогая, это Индия | Oh Darling Yeh Hai India | Hero |
1995 | Үч бир тууган | Три брата | Trimurti | Romi Singh/Bholey |
1996 | Страстная любовь | Chaahat | Roop Singh Rathod | |
1996 | Сүйүү жана жек көрүү | Любовь и ненависть | Dushman Duniya Ka | Badru |
1996 | Индийский наследник английской семьи | English Babu Desi Mem | Vikram/Hari/Gopal Mayur | |
1996 | Мстительница | Army | Arjun | |
1997 | Сөзсүз сүйүү | Любовь без слов | Koyla | Shanker |
1997 | Как боссу утерли нос | Yes Boss | Rahul | |
1997 | Сумасшедшее сердце | Dil To Pagal Ha | Rahul | |
1997 | Алданган үмүттөр | Обманутые надежды | Pardes | Arjun Saagar |
1997 | Gudgudee | Special Appearance | ||
1998 | Двойник | Duplicate | Bablu Chaudhary/Manu Dada | |
1998 | Неожиданность | Achanak … | өзүн ойнойт | |
1998 | Бир көрүп сүйүп калуу | Любовь с первого взгляда | Dil Se… | Amarkanth Varma |
1998 | Турмушта баары болот | Всё в жизни бывает | Kuch Kuch Hota Hai | Rahul Khanna |
1999 | Бадшах | Бадшах | Baadshah | Raj 'Baadshah' |
2000 | Трепетные сердца | Phir Bhi Dil Hai Hindustani | Ajay Bakshi | |
2000 | Дыхание времени | Hey Ram | Amjad Ali Khan | |
2000 | Каждое любящее сердце | Har Dil Jo Pyar Karega… | Rahul | |
2000 | Сүйүшкөндөр | Влюблённые (фильм) | Mohabbatein | Raj Aryan Malhotra |
2000 | Аял сыры | Тайна женщины | Gaja Gamini | Shahrukh |
2000 | Азарт Любви | Josh | Макс | |
2001 | Опекун | One 2 Ka 4 | Arun Verma | |
2001 | Ашока | Asoka | Asoka | |
2001 | И в печали, и в радости | Kabhi Khushi Kabhie Gham… | Rahul Raichand | |
2002 | Девдас | Девдас | Devdas | Devdas Mukherji |
2002 | Жалгызым | Единственная | Hum Tumhare Hain Sanam | Gopal |
2002 | Сабрина Болливудда | Сабрина в Болливуде | Sabrina’s Bollywood … | өзүн ойнойт |
2002 | Вернуть сына | Shakthi: The Power | Jaisingh | |
2002 | Сүйүү анатомиясы | Анатомия любви | Saathiya | Yeshwant Rao |
2003 | Өмүрдөн да кымбат | Больше, чем жизнь | Larger Than Life … | өзүн ойнойт |
2003 | Сүйүү жолунда | Дорогами любви | Chalte Chalte | Raj Mathur |
2003 | Эртеңки күн болор бекен | Наступит завтра или нет | Kal Ho Naa Ho | Aman Mathur |
2004 | Цена измены | Yeh Lamhe Judaai Ke | Dushant | |
2004 | Внутренний/Внешний мир Шахрух Хана | The Inner/The Outer World Of Shah Rukh Khan… | өзүн ойнойт | |
2004 | Мен сени менен | Я рядом с тобой! | Main Hoon Na | Maj. Ram Prasad Sharma |
2004 | Вир жана Зара | Вир и Зара | Veer-Zaara | Veer Pratap Singh |
2004 | Мекенге кайтуу | Возвращение на родину | Swades: We, the People | Mohan Bhargav |
2005 | Глаз Тигра | Kaal | Special Appearance | |
2005 | Аэропорттогу жолугушуу | Встреча в аэропорту | Kuchh Meetha Ho Jaye … | өзүн ойнойт |
2005 | Искусство любить | Silsiilay | Sutradhar | |
2005 | Сүйүү табышмагы | Загадка любви | Paheli | Kishanlal / Ghost |
2006 | Чоочун | Чужой | Alag: He Is Different…. He Is Alone… | Special Appearance |
2006 | Никогда не говори «прощай» | Kabhi Alvida Naa Kehna | Dev Saran | |
2006 | Дон. Мафия башчысы | Дон. Главарь мафии | Don | Don / Vijay |
2006 | Мен сени көрүп турам | Я вижу тебя | I See You | Street Guitarist |
2007 | Алга,Индия | Вперед, Индия! | Chak De! India | Kabir Khan |
2007 | Привет, малышка! | Heyy Babyy | Raj Malhotra | |
2007 | Ом Шанти Ом | Ом Шанти Ом | Om Shanti Om | Om Prakash Makhija / Om Kapoo |
2008 | Эрктик | Мужество | Shaurya | үн кошкон |
2008 | Призрак виллы Натхов | Bhoothnath | Aditya Sharma | |
2008 | Четверка сумасшедших | Krazzy 4 | өзүн ойнойт | |
2008 | Ийгилик тумары | Талисман удачи | Kismat Konnection | үн кошкон |
2008 | Бул жупту кудай жараткан | Эту пару создал бог | Rab Ne Bana Di Jodi | Surinder 'Suri' Sahni/ Raj |
2009 | Биллу | Биллу | Billu | Sahir Khan |
2009 | Шанс на удачу | Luck by Chance … | өзүн ойнойт | |
2010 | Күйөө бала изделет | Разыскивается жених | Dulha Mil Gaya | Pawan Raj Gandhi(PRG)(Guest Appearance) |
2010 | Koochie Koochie Hota Hai | Rocky, үн кошкон | ||
2010 | Менин атым Кхан | Меня зовут Кхан | My name is Khan | Rizwan khan |
2011 | РА. Первый (Случайный доступ. Версия один | RA. One | G. One | |
2011 | Дон.Мафия башчысы 2 | Дон. Главарь мафии 2 | Don 2 | Don |
2012 | Азырынча мен.тирүү | Jab Tak Hai Jaan | Самар Ананд | |
2013 | Ченнай экспресси | Chennai Express | Рахул Митайвала | |
2014 | Натханын кайтып келген арбагы | Bhoothnath Returns | Адитья Шарма (эпизод) | |
2015 | Жаңы жылың менен! | Happy New Year | Чарли / Чандра Мохан Шарма | |
2015 | Сүйүшкөндөр | Dilwale | Раж Бакши / Кали | |
2016 | Фанат | Fan | Арьян Хан жана Гаурав Чандра | |
2016 | Ae dil hai mushkil | сүрөтчү Тахир | ||
2016 | Өмүр кымбат | Dear Zindagi | Жехангир Хан | |
2017 | Райес | Raees | Райес |
Шилтемелер
түзөтүү- Шахрух Хандын өмүр баяны
- «Мечты о Шахрух Хане» Фан-Клуб Archived 2011-11-07 at the Wayback Machine (орусча)
- Шарукх Хан жөнүндөгү орусча фан сайт Archived 2011-11-30 at the Wayback Machine
- «SRKGalaxy» Орус тилдүү Фан-Сайт