Ысык-Ата, капчыгай - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында.Түштүк батыштан түндүк чыгышты карай 50км ге созулуп жатат. Капчыгайдын таманынын туурасы оозунда 1,5км, Карагай-Булак кыштагы тушта 0,8км. Баш жагы деңиз деңгээлинен 4500м, этеги 1000м бийикте жайгашкан. Капчыгай өтө терең, тик капталдуу (35–50°), кырлары таманынан 1000–1600м бийикте; беттеринде талаа, 1600–2500м шалбаалуу талаа, жыш бадалдар, арчалуу токой 2500–3500м чубальп, альп шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Ысык-Ата капчыгайына оң жактан Туюк капчыгайы (узундугу 40км) кошулат. Анын беттерин 2000–2700м тилкеде жыш карагай токою ээлейт. Капчыгай аркылуу Ысык-Ата суусу агат. Минералдуу ысык булак (Ысык-Ата минералдуу суусу) бар. Капчыгайдан Ысык-Ата курорту, төмөнкү жайык бөлүгүндө Карагай-Булак кыштагы орун алган.

Адабият түзөтүү

  • [http:www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энцклопедия борбору. Бишкек-2004.] ISBN 9967-14-006-2

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү