Ысык-Ата курортуЫсык-ата районунундагы климаттык-бальнеол. курорт.

Бишкек ш-нан 77 км түш.-чыгыш тарапта, Кант т. ж. бекетинен 50 км аралыкта. Кыргыз Алатоосунун түн. капталындагы Ысыката капчыгайында, деңиз деңг. 1775 м бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү эл аны «Арашан» деп аташат. Мындагы минералдуу суулардын дарылык касиети илгертен эле жерг. элге белгилүү болгон. Суунун хим. анализи алгачкы жолу 1880-ж. жүргүзүлгөн. Алгачкы курулуштар 1891-ж. Орусиянын «Кызыл Крест» коому тарабынан курулган. Курорт терең капчыгай ичинде жайгашкандыктан аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болбойт. Курорттун табияты кооз; суу жээгинде чычырканак, бөрү карагат, итмурун ж. б. бадалдар, аска-зоокалуу тоо капталдарында субальп шалбаасы, жыш өскөн кызыл-тазыл гүлдөр, арча токою бар.

Климаты мелүүн континенттик. Кышы жылуу, январдын орт. темп-расы –5,5°С. Жайы салкын, июлдуку 16°С. Күзү кургакчыл, күнөстүү. Жылдык жаан-чачыны 500 мм. Жылдык орт. салыштырмалуу нымдуулугу 53%. Жылдык күн тийүү узактыгы 2200 с. Курорттун негизги табигый фактору – минералдуу ысык суулары (к. Ысыката минералдуу суусу). О. эле Чүй өрөөнүндөгү Камышановка баткак кенинен ж-а Ысык-Көлдөн ташылып келинген дары баткак пайдаланылат. Бальнеол.-терапия ж-а баткак м-н дарылоодон сырткары физиотерапия, дарылоочу физкультура, укалоо ж. б. жүргүзүлөт. Курортто нерв системасы, кыймыл-таяныч органдары, гинекологиялык ж-а урологиялык оорулар м-н жабыркагандар дарыланат. Жылына 7 миңдей киши дарыланат. Поликлиника, сууга киринүү ж-а баткак м-н дарылануу корпусу, кышында жашылча өстүрүлүүчү жылытылма жай, минералдуу суу ичүү үчүн бювет ж. б. бар. Терренкур маршруттары белгиленген. Чүй өрөөнүнө (Буранага), курорттун айланасындагы арчалуу токойго, шаркыратмага экскурсия уюштурулуп турат. Курорт 450 орундуу.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2