Эгиз-Кара (байыркы түрк тилдеринде эгиз — бийик, кара — кар жатпаган жер, башкача айтканда кар жатпаган бийик чоку, дөбө) — "Манас" эпосундагы топоним. Эпосто: "Эгиз-Кара, Былкылдак, Эгизектин Кара-Саз, Муну көргөн барсыңбы? (Сагымбай Орозбаков, 4. 63), — деп Манас Чоң казатка аттанарда Бээжинге баруучу жолдогу жерлердин бири катары эскерет. Чыгыш Казакстандагы жердин аты.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4