Экономика жана саясат – коомдук турмуштун негизги чөйрөлөрү. Аларда түрдүү социалдык субъекттердин предметтик жана руханий ишмердүүлүгү топтолот. Экономика жана саясат диалектикалык байланышта жана бирине-бири көз карандылыкта болот.

Экономика саясатка карата анын өнүгүүсүн шарттаган базистик негизи болуп чыгат. Ал эми саясат маанилүү өз алдынчалуулукка, өздүк мазмунуна жана белгилерине ээ болуу менен бирге, экономикага учурдагы шарттарда улам өсүп жаткан таасирин тийгизүүдө. Өндүрүү, алмашуу, бөлүштүрүү жана керектөө мамилелеринин системалык биримдиги катары экономика саясатка тике жана аракеттеги саясий институттардын (биринчи кезекте мамлекет) саясий мамилелердин жана идеологиялык мекемелердин (уюм) жалпы багытын жана социалдык мүнөзүн, ошондой эле саясатта ишке ашыруунун материалдык каражаттарынын составын жана ыкмасын шарттоо менен кыйыр таасир тийгизет. Экономика материалдык өндүрүштүн тармактарынын жыйындысы катары (өнөр-жай, айыл-чарба, курулуш ж. б.), учурдагы саясий системалардын негизинде жаткан эмгектин коомдук бөлүнүшүн узак убакытка созулган эволюциясынын натыйжасы болуп келет. Демек, ал саясий партиялардын, башка түрдүү багыттагы саясий мүнөздөгү уюмдардын келип чыгышынын да натыйжасы болуп саналат. Коомдун саясий уюму өзүнө таандык өздүк мыйзамдар жана социалдык укуктук нормалар менен, бирок менчиктин жана экономикалык уюмдардын үстөмдүк кылган формаларынын жалпы чегинде аракет кылат.

Колдонулган эмгектер түзөтүү

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9