Экоцид (гр. oikos - айлана-чөйрө жана лат. ceado - жок кылам) - жаратылышка, айланачөйрөгө келтирилген зыян (айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө массалык кыргын салуу, аба жана суу ресурстарын ууландыруу ж. б.) аркылуу коомго, ошондой эле жалпы адамзаттын жашоосуна, ден ооолугуна олуттуу залал алып келе турган шарт, экологиялык кырсык.

Азыркы учурда көпчүлүк өлкөлөр тарабынан Экоцид адамзатка каршы эл аралык кылмыш катары саналат. Ал региондук же глобалдык масштабдагы экологиялык көйгөй жаратат. Бул терминди А. Гальстон 1970-ж. сунуштаган. Экоцидге мисал катары 196070-жылдарда АКШнын аскер күчтөрүнүн Вьетнамдагы, Лаостогу жана Камбожадагы, ошондой эле 1991-ж. Ирактын Кувейттеги аскердик иш-чаралары каралат. АКШ аталган аймактарга 100 мин гдан ашык дефолиант (химиялык каражат) чачкан. Ал айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип, токойлорду жана айдоо аянттарын деградацияга, топурак эрозиясына учуратып, көчкүнүн жүрүшүн ылдамдатып, селдерди пайда кылып, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрүнүн азайышына, калк арасында түрдүү оорулардын пайда болушуна ж. б. залакаларга алып келген. Ал эми Иракта 1200 нефть бургулары, куурлары, нефть сактоочу жайлар талкаланып, күнүнө 1 млн г нефть күйүп, анын негизинде атмосферага 50 миң гкүкүрт диоксиди чыккан. Экоцид көпчүлүк өлкөлөрдүн (Россия ж. б.) баш мыйзамдарында адамзатка каршы олуттуу кылмыш катары каралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4